Согончокко кам көрүү

12-Июль 2017, Шаршемби

Чор (мозоль) ден соолукка өтө кооптуу болбогону менен, жанды эзип, ыңгайсыздык жаратат. Чор —өлгөн клеткаларды жана катуу басымдын натыйжасында пайда болгон теридеги калың катмар. Көптөгөн учурда чор колдо – физикалык жумуштан кийин, ал эми бутта – ыңгайсыз жана тар бут кийим кийгенден келип чыгат. Алар нымдуу жана кургак чор деп бөлүнөт. Нымдуу мозолдор адатта өздүгүнөн эки-үч күндөн соң кетип калат. Ал эми кургак мозолду эмдөө үчүн элдик медициналык дарылар менен дарыласа болот.

Эмнеден улам келип чыгат?

  • Нымдуулугу азайып, тамандын териси өзүнүн серпилгичтигин жоготсо.
  • Бөйрөк, калкан без оорулары менен ооруганда. Мында согончок жыл бою жарыла берет. Демек, сөзсүз дарыгерге барып көрүнүшүңүз керек.
  • Таман тери оорусуна дуушар болсо.
  • Семиздиктен улам (бут ашыкча салмакты көтөрө албай, согончок жарылат). Канчалык кам көрсөңүз деле натыйжасыз болушу ыктымал. Андыктан арыктоо зарылчылыгы келип чыгат
  • Организмге А жана D витаминдери жетишпегенде.
  • Ысык аба ырайынын, ыңгайсыз бут кийимдин, чаңдын, көлдүн туздуу суусунун, кумдун таасиринен улам.

    Сарымсак

    3-4 сарымсак бөлүгүн эзип, аны май менен аралаштырыңыз. Уктаар алдында даяр болгон кошулманы буттагы жарылган жерге сүйкөңүз. Ыңгайлуу болуу үчүн сыртынан марли ороп коюга болот. 3-5 күн өткөн кийин, чор жумшарып, териден жеңил түшүп калат.
    Уксус

    Кездемени уксузга малып, теринин закымдаган жерине басып, сыртынан марли менен 2-3 саатка байлап койңуз. Буттун согончогу жылмакай болгончо, ушул ыкманы бир нече жолу кайталаңыз. Ооруганы кеткендкен кийин, аны педикюрга арналган курал менен жеңил алып таштоого болот.
    Ромашка

    4 аш кашык ромашка (дарыканаларда сатылат) 1 литр кайнаган суу куябыз. Ромашка сууда 4-5 саат кармайбыз. Сууну илегенге куюп алып, бутуңузду салыңыз. Ушу ыкманы күнүнө бир жолудан 6-7 күн аралыгында кайталап турасыз.

    Пияз

    Орточо пиязды бөлүктөргө бөлүп, ал бөлүктөр менен жабыркаган терини укалаңыз. Бул ыкманы 3-5 күн катары менен уктар алдында кайталап туруу кажет.

  • Лимон
    Кечкисин лимондун бөлүгүн чор болгон жердин үстүнө коюп, сыртынан марли менен ороп, түнгө калтыруу керек. 2 күн өткөндөн кийин, жеңилдеп, ал эми 4-5 күндөн кийин катмарланган терини алып таштоого болот.

  • Помидор
    Помидор –согончоктун жарылуусун айыктыруучу жөнөкөй жана таасирдүү курал. 1 помидорду сүргүчтөн өткөрүп, идишке куюп, 5 мүнөттөй бууга кайнатабыз. Даяр болгон суюк боткону марлинин үстүнө сүйкөп, жабыркаган териге коюп, сыртынан пакет менен ороп таштаңыз. Бул ыкма коопсуз, ошондуктан аны күнүнө эки жолудан эки жума катары менен жасоого болот. Эгер помидор боткосун даярдоого убакытыңыз болбосо, ал жерге помидор бөлүгүн басууга болот. Бирок аны эки саат сайын алмаштырып туруу кажет.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!