Кант диабети менен ооругандардын саны өсүүдө

07-02-2017

2016-жылдын 1-январына карата өлкө аймагында 50 миңден ашуун кант диабети менен ооругандар катталса, алардын 331и балдар болуп саналат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Министрдин айтымында, айрымдары аталган дартка кабылгандыгынан кабары жок жүрө берип, дарыгерлерге кеч кайрылгандар дагы бар.

“Убагында ден соолукка кам көрбөсө диабетке чалдыгуунун айынан көрүү сезиминен таптакыр ажырагандар жолугат. Бөйрөгүн алмаштырууга аргасыз кылган, бутунан жабыркаган учурларды да атаса болот”,-деди ал.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Альфия Самигуллина Кант диабети менен ооругандардын саны өсүп жаткан менен аларга керектүү дары-дармектерге каралган каражаттардын өлчөмү 2010-жылдын деңгээлинен эч бир жогорулай электигин айтат.

“Кант диабети БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы боюнча жугуштуу оорулардан эмес, ал эпидемия деп таанылган. Андыктан, “Кант диабети тууралуу” мыйзамды кайра карап чыгууга туура келет. Маселе глобалдык мүнөзгө ээ болуп жаткандыктан, Саламаттыкты сактоо министрлиги гана эмес, Каржы министрлиги дагы өз милдетин так аткарышы кажет",- дейт ал.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!