Муундарга арналган рецепт

17-Июль 2017, Дүйшөмбү

Ооруксунуунун таасирин басып, муундардын жумушун жакшыртуучу, элдик медицинада кеңири колдонулуучу ыкма.

300-400 грамм сарымсак тазалаңыз, эт тарткычтан өткөрүп, 1 литрлик банкага салып аны тазартылбаган өсүмдүк майы менен толтуруңуз. Даяр болгон кошулманы 2 жума караңгы жерге коюңуз. Күндө козгоп турууну унутпаңыз. Сарымсак майын алыңыз да 3-4 кабат кылып марли коюп, сүзүңүз. Дары даяр.


Кандай падаланууга болот?

Ооруган жерге сүйкөп (мисалы, остеохондроз кезинде төмөнкү арткы жагына, артроз болгон кезде муундарга). Түндө полиэтилен жана жылуу шарф менен жаап, ороңуз. Ушундайча сиз алгачкы күндөн баштап жеңилдикти сезип, кыймыл-аракеттин калыбына келгенин, ооруксунун азайганын байкайсыз. Эмделүү убактысы-2 ай.
Сарымсак ооруган жердин кан айлануусун жакшыртып, муун функцияларын калыбына келтирүүгө таасир берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!