Көзүңүз жакшы көрсүн десеңиз...

18-Июль 2017, Шейшемби

Көз гигиенасын сактоонунун 10 эрежеси:

1. Көзгө зыяндуу заттардын түшүүсүнөн коргой билүү;
2. Жумуш ордундагы жарыкты ирээттеп отуруу; ал өтө жарык же күңүрт, же болбосо үлпүлдөп турбаш керек.
3. Үстөлгө коюлган шамдын жарыгы сол жактан түшүп туруусу кажет.
4. Китепти окуганда, кийим тиккенде көздөн 30-35 см алыстыкта кармаңыз.
5. Сыналгыны 2,5-3 м алыстыктан көрүңүз.
6. Витаминди (өзгөчө «А») тамак ичиңиз.
7. Тамеки тартпаңыз, ичимдик ичпеңиз.
8. Китепти унаа жүрүп баратканда окубаңыз.
9. Сейилдегенде, токой аралап баратканда көздү бутак тийип кетүүсүнөн сактаңыз.

10. Көзгө кандайдыр бир заттардын тийип кетүүсү зыяндуу, мындай учурда көзгө ак түшөт.


Көз жаракаттанганда көрсөтүлүүчү алгачкы жардам:

Эгер көзгө бир нерсе кирип кетсе, дароо кайнатылган жылуу суу менен сыртынан ичине карай жууп чыгыңыз;

• Көзгө кычкыл суюктуктар тийсе, сууну агызып коюп жууңуз;

  • Көздү эч убакта кол менен укалоого, сүртүүгө болбойт, таза, жумшак чүпүрөк менен гана сүртүңүз.
  • Көз эмнеге тоңбойт?
    Суук учурда кирпиктерге кыроо ката баштаса да көздөр такыр тоңбойт, керек болсо суукту да сезбейт. Анын сыры адамдын көздөрундө температураны сезүүчү клеткалардын болбогондугунда. Бирок, андай клетккалар манжа, мурун, кулак учтарында көп кездешет.
    Айнек сыяктуу көз алманын 99 пайызы суудан турат. Ошондой болсо эмнеге муз болуп катып калбайт десеңиз, себеби ал жөн суу эмес, туздан турат. Туздун өлчөмү өтө жогору болгондуктан көздөгү суу (жаш) -32 С градуска чейин тоңбойт. Дагы бир себеби, организмибиз температуранын өзгерүүсүнө бирден-бир жооп берет. Тагыраак айтканда, температура төмөндөй баштаганда көздөгү тамырларда кан ылдам жүрө баштайт. Медицинада операция жасоо учурунда көздү катырып таштоого болот. Ал үчүн керектүү температура -195,8°C.

    Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!