Сууга түшчү жерлерден жугуучу оорулар

26-Июль 2017, Шаршемби

Жайында сергитерлик кызыктуу күндөрдү өткөрүүнүн бир жолу-сууга түшүү. Сууга түшүү ден соолукка абдан пайдалуу болуп саналат. Бирок, көпчүлүккө арналган жайларда жугуштуу ооруларды жуктуруп алуудан сак болушу керек

Эс алуу жайларына барганда гигиеналык тазалыкты канчалык таза сакталаарына көз салыңыз. Ошону менен бирге сууга түшчү жерлерден кандай оору түрлөрүн жуктуруп алуу коркунучу тууралуу айтсак:

- Жыныстык жолдор аркылуу берилүүчү (ЗППП) ооруларын жуктуруу коркунучу бар. Алар – уретрит, пиелонефрит, цистит ж.б. дарттар болушу мүмкүн.

- Дерматомикоз оорусун жуктуруп алууңуз мүмкүн.

- «А» гепатити да көбүнчө суу жээктеринен жугат.

- Герпес – көздүн былжырлуу кабыгынын оорусу да коомдук жайларда жугат.

- Тумоо жана ОРЗ оорулары.

- Лямблиоз – паразитти жугуштуу оорулардын вирусу да суу аркылуу тез тарайт.

- Түрдүү тери оорулары да кирет.

Сууга түшүп жатып оору жуктуруп албаш үчүн атайы майларды пайдаланыңыз. Чыккандан кийин ысык душ кабыл алып, тазаланып жуунуңуз.

Эскертүү!

Денеңизде жаракат болгон учурда эс алуу жайларына барбаганңыз жөн. Андай учурда жаракатыңыз күчөп кетиши мүмкүн. Ошондой эле адистер 2 жшка толбогон баланы бассейнге түшүрбөөгө кеңеш беришет. Себеби хлорлонгон суу баланын терисине терс таасир берип, дем алуу жолдорунун сезгенүү оорусу, бронх астмасы алып келиши мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!