Көзгө жасалуучу көнүгүүлөр

1-Авг. 2017, Шейшемби

Көзгө көп күч келтирген жумушту аркаласаңыз кечинде көзүңүз кызарып, сайгылашып ооруп чыгаары анык. Өзгөчө мындай абал компьютерде иштегендерде кездешет. Төмөндөгү көнүгүүлөрдү кылдаттык менен аткарсаңыз көзүңүздүн ооруганы жеңилдейт.

1. Көзүңүздү 10 мүнөт жумуп туруңуз, андан соң гана 10-20 жолу бат-баттан ачып-жумуңуз. Көздү чоң-чоң ачыңыз.

2. Көзүңүздү жумуп туруп, сөөмөйүңүздүн учу менен жумшак ушалап туруңуз, бул көнүгүүнү 30 секунд кайталоо керек.

3. Терезеге барып (бакты, үйдү ж.б.) бир объекти 5 секунд, ал эми мурдуңуздун учун 3 секунд карап турсаңыз сизге оң натыйжа берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!