Жүзүм чарчоону жазып, баш ооруну басат

3-Авг. 2017, Бейшемби

Дарыгерлер жайында жашылча-жемиштерди көбүрөөк колдонууга кеңеш беришет. Бул ирет сиздерге жүзүмдүн ден соолукка пайдасы тууралуу маалыматты сунуштайбыз.

Пайдалуу заттарга бай

Жүзүмдүн курамында адамдын ден соолугуна пайдалуу минералдар (калий, кальций, темир, фосфор, магний, селен жана витаминдер A, C, B6) бар. Курамындагы флавоноид ууга каршы зат болуп эсептелет. Ал тамак-аш менен кирген уулуу заттардын организмден чыгышына шарт түзөт. Муну менен адамдагы улгаюу процессин жайлатат.

Кайсы ооруларга колдонулат?

Бул жемиш кээ бир ооруларды айыктырууда колдонулат.

1.Астма

Жүзүм адамдын дем алуу жолдорунун абалын жакшыртып, өпкөнүн жакшы иштешине көмөк берет.

2. Жүрөк оорусунда

Ал кандын уюп калышынын алдын алуучу азоттун оксидин көбөйтүү менен жүрөк оорусунун кармашын азайтат. Ошондой эле кан тамырларды бөгөп кала турган май түйдөкчөлөрүнүн жаралуусуна бөгөт коёт.

3.Шакыйда

Жакшы бышкан жүзүмдүн ширеси баш оорудан (шакый) айыгууга жакшы жардам берет. Аны эртең менен ачкарын суу кошпостон ичүү абзел.

4. Ич катууга каршы каражат

Курамында кант, целлюлоза, органикалык кислоталар ич өткөрүүчү жеңил каражат болуп эсептелет.

5. Ашказан үчүн жеңил тамак

Андыктан кээ бир ашказан ооруларында деле жей берүүгө сунушталат.

6. Чарчоону жазууда

Жүзүмдүн ак жана ачык өңдөгү ширеси (сортуна жараша) адамдын чарчоосун жоготуп, организмдеги темирдин запасын толуктайт. Ууга каршы заттар иммундук системанын иштешин жакшыртат. Ал эми күңүрт түстөгү жүзүм ширеси организмдеги темирди азайтат.

7. Бөйрөк оорусунда

Жүзүм организмдеги кычкылдуулукту жөнгө салып, калыптандырат. Андыктан бөйрөктүн (анын ичинде ооруган бөйрөктүн) иштөөсүн жеңилдетет.

8. Ракта

Жүзүмдүн кочкул кызыл өңдөгү ширеси эмчектин рагынан арылууга жакшы жардам берет. Лабораториядагы чычкандарга жүзүм ширеси көп берилгенде алардын эмчегиндеги шишик кичирейгени байкалган.

9. Альцгеймер оорусунда

Борбордук нерв системасынын ооруларынын бири болгон альцгеймер оорусунда акыл-эстин төмөндөшүнүн алдын алуучу каражат катары колдонулат. Аталган оору акыл-эс жөндөмүнүн (көрүү, угуу, сүйлөө жана башка)улам төмөндөшүн түшүндүрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!