Үй ичиндеги ден соолукка зыяндуу буюмдар

9-Авг. 2017, Шаршемби

Күнүмдүк жашоодо биз көңүл бурбаганыбыз, байкабаганыбыз менен үй ичинде биз колдонгон кээ бир буюмдар ден соолукка зыян алып келишет. Алар акырындык менен ар кандай ооруларды пайда кылышат. Дал ошол оорулардын алдына алуу үчүн төмөнкү буюмдарды өз орду менен туура колдонуу зарыл.

Суу краны

Кадимки суу агуучу кранда, негизинен, легионелла аттуу бактериялар болот. Суу аккан кезде бул бактериялар абага тарап, дем алуучу органдар аркылуу өпкөгө келип кирет да, пневмония оорусун пайда кылат. Ошондуктан, ар бир үч ай сайын крандан 10 мүнөткө чейин ысык сууну агызып коюп туруңуз. Бул зыяндуу бактерияны жок кылат.

Таштанды салуучу чака

Таштанды салуучу чака жагымсыз жыт гана бөлүп чыгарбастан, өзүнө ар кандай курт-кумурскаларды чакырат. Андагы зыяндуу бактериялар тынымсыз жана тез-тезден көбөйөт. Мисалы, 7 күндөн кийин эле таштандысы бар чаканын ичиндеги мындай бактериялардын, микробдордун саны 600дөн ашып кетет! Ал эми 14 күндүн ичинде дагы 130%га көбөйүшөт. Бул зыяндуу микроорганизмдер аллергия, астма, кызамык жана башка ар кандай тери жана дем алуу органдарындагы ооруларды пайда кылат. Температура көтөрүлүп, зат алмашуу, кан айлануу бузулат. Андыктан, айрыкча иммунитети төмөндөр, кары-картаңдар, жаңыдан операция болгондор, жаш балдар таштанды салуучу чакадан алыс болуулары кажет. Таштандыны эки күндө бир төгүңүз жана чаканын ичин да, колуңузду да сөзсүз самындап жууңуз.

Газ плитасы
Газ плитасы күйүп жатканда андан көптөгөн организмге зыяндуу заттар жана рак ооруларын пайда кылуучу канцерогендер бөлүнүп чыгат. Ал эми майга азыктарды кууруп жатканда, айрыкча этти кууруганда токсиндер бөлүнүп чыгып, сиз алар менен тамакты жасап бүткүчө дем аласыз. Пайда болгон токсиндердин жарымы бөлмө ичиндеги абага тарайт. Эгерде жарым күн бою тынымсыз газ плитасынын жанында турган болсоңуз, башыңыз ооруйт, жүрөгүңүз ылдам согот, тез чарчайсыз. Мындан тышкары, газ плитасын көп колдонуу төмөнкү ооруларды пайда кылат: боор циррозу, эндокриндик бездердин жана ичегинин рагы, өпкөнүн кургап, кичирейүүсү. Демек, тамак жасап жатканда ашкананын эшигин жаап, терезесин ачып коюу зарыл. Бөлмөнү бат-баттан желдетип туруңуз. Жакшысы, газ плитасынын ордуна электр плитасын колдонуңуз.

Алюминден жасалган идиш
Мындай идишке тамак жасасаңыз, курамындагы алюминий аттуу зат ошол бышып жаткан тамакка аралашып кетет. Натыйжада, ал боор менен бөйрөктүн иштөө функцияларын бузат, бара-бара сөөктөрдүн сынышына алып келет. Эң жаманы, организмди тез картайтат. Тактап айтканда, өз мезгилиңизден эрте эле картаюу менен кошо пайда болуучу ооруларга баш ийип каласыз. Демек, чоюндан, болоттон жасалган идиштерди колдонгонуңуз дурус.

Кичитолкундуу меш
Кичитолкундуу мештен электрдик жана магниттик зыяндуу толкундар бөлүнүп чыгат жана бул жагынан уюлдук телефондон да зыяндуураак болуп эсептелет. Албетте, анын айнеги мындай нурлардан коргоп турууга ылайыктуу болуп жасалганы көп айтылат. Бирок жакында эле окумуштуулар изилдеп, иштеп жаткан кичитолкундуу мештин жанында бир мүнөттөн ашык жана бир метрден жакын турууга болбостугун, андан зыяндуу нурлар баары бир бөлүнүп чыгарын далилдешти. Аны ток менен туташтырган кезде тамактануучу столдон бир метр алыс коюу керек. Болбосо моюндагы ички без, көрүү органдары жана нерв системасы жабыркап калат.

Сүлгү
Стафилококк аттуу зыяндуу микроорганизм сүлгүдө жашаганды жакшы көрөт. Эгерде териңизде жара, же кесип алган, тытылган жер бар болсо, ал жерге сүлгү менен аарчынган кезде стафилококк кирип ырбатат, ар кандай тери ооруларын пайда кылат. Андыктан, сүлгүңүздү 6-7 күндө бир жолу сөзсүз жууңуз. Суунун ысыктыгы 95 градус болуусу кажет. Ошондо андагы микробдор өлөт.

Желим идиштер
Булардын курамында (желимден жасалган бөтөлкө, стакан, тарелка, кашык ж.б.) бисфенол-А аттуу зыяндуу зат бар. Бул простатит жана эмчек рагын, кант диабетин, семирүүнү жана кыздардын жыныстык жактан эрте жетилүүсүн пайда кылат.

Тиш жуучу щётка
Изилдөөлөр боюнча, бир тиш жуучу щёткада 10 миллионго жакын зыяндуу бактериялар жашайт. Дайыма бирөө менен эле тишиңизди жууп жүрө берсеңиз, акырындык менен жүрөк оорусуна, анын ичинде инфаркт менен артритке чалдыгасыз. Ошондой эле сасык тумоо болгондо шилекейде бардык вирустар, бактериялар болот. Ал эми тишиңизди жууганда щётканын кылдарынын арасында дал ошол вирустар калып калат жана узак убакытка чейин өлбөй сакталып жүрө беришет. Анткени, тиш жуучу щёткадагы вирустар кайрадан иммунитетиңиздин начарлашын күтүшөт. Алардан сак болуу үчүн сасык тумоодон соң дароо тиш жуучу щёткаңызды алмаштырыңыз.

Куштун жүнү салынган жаздык
Жаздыгыңыздын ичине куштун жүнү салынып жасалган болсо, анда колдонбой эле коюңуз. Мындай жаздыкта башты какач кылуучу микробдор бар. Адам уктап жатканда жаздык акырындык менен жылыйт жана ошол жер нымдалышат. Дал ушул учурда микробдор жаздыктан башка өтүшөт. Пайда болгон какачты канча жуусаңыз деле кетпей турганын эске алыңыз. Ал үчүн куштун жүнүнөн башка нерседен жасалган жаздыкка жатуу зарыл.

Жыгач тактай, жыгач кашык
Ар бир жолу эт, жашылча туураган сайын жыгачтан жасалган тактайдын бетине зыяндуу микробдор толуп алат. Алардын саны дааратканадагы микробдордон 50 эсеге көп! Ушундай эле микробдор жыгач кашыкта да болот жана булар ашказан-ичеги ооруларын пайда кылышат, ууланууга алып келишет. Ар бир колдонгондон кийин тактайды жана жыгач кашыкты ысык суу менен самындап жууңуз. Эгерде тактайдын бетине бычактын изи терең түшүп, ал жер оюлуп калса, же тактайга жарака кетсе, дароо ыргытып жибериңиз. Себеби, ал жеринде микробдор эң эле көп!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!