Аскориданы эртерээк дарылаңыз

23-Авг. 2017, Шаршемби

Аскоридоз менен жер бетинде 1 млрд адам ооруйт экен. Бул чоң адамдар менен балдарда кездешүүчү оору. Аны пайда кылуучу - аскарида, тагыраак айтканда ичеги-карын курту. Курттардын узундугу – 15-20 см (эркектери), 20-40 см (ургаачылары) болот. Ал эми түсү – ак-кызыл.

Кайдан жугат?

Жашылча жана мөмө-жемиштерди тазалап жуубай, кир бойдон жегенде-ичеги курттарын жуктуруунун биринчи жолу. Ошондой эле эт менен балыкта майда курттар көп болот. “Оорунун баары тамактан” демекчи чала бышкан, аз кайнатылган тамак-аштарда аталган курттар өлбөй, тиричилигин ары карай уланта беришет. Кытырак нандар, куурулган картошка, ошону менен бирге тез даярдалуучу тамактар (фастфуд) – ичеги-карын курттун жуктууруучу азыктар болуп саналат.



Жаш балдардын организми алсыз болгондуктан ичеги-карын куртун жуктурган болсо, ашказан, киндик тушу ооруйт. Курт ооруларынан улам адам көп тердеп, бетте ак тактар пайда боло баштайт.

Элдик медицина

Аскоридозду «элдик медицина менен эле айыктырам», – деген мүмкүн эмес. Ошондуктан милдетти турдө адистердин кеңешине кулак салган жөн. Ал эми элдик медицинаны негизги дарылоого кошумча ирээтинде колдонсоңуз болот.

Сарымсак менен сүт

200 мл сүткө 1 баш сарымсак салып, абдан жумшарганча кайнатасыз. Жылуу боюнча сүзүп алып, клизма жасоо керек. Клизманы бир жума күндө жасаар алдында жасаган оң. Ал эми балдарга жасай турган болсоңуз 70 мл жетиштүү.

Ашкабак данеги

500 г ашкабак данегин тазалап, сүргүчтөн майда кылып өткөрүп, 50 мл кайнаган суу кошуп аралаштырасыз. Даам берүү үчүн бал же болбосо варенье кошсоңуз болот. Жаңы даярдалган “дарыны” ач карын жеңиз. 3 сааттан кийин суу менен аралаштырылган магнезия (10-30 г препаратты жарым стакан суу менен аралаштырыңыз) ичиңиз. Жарым сааттан кийин организмди тазалооочу клизма жасоо керек.

2 жашка чейинки балдарга 50 г, ал эми 3-4 жашка 80 г, 5-7 жаштагыларга 100 г, 10-12 жаш балдарга 150 г ашкабак данегин колдонуңуз.

Ошондой эле кургатылган ашкабак данегин чагып жеп журүү да пайдалуу.

Пияз

Идиштин жарымына чейин тууралган пияз менен калган жарымын арак же спирт менен толтуруп, 10 күнгө капкагын жаап коюп коюңуз.

Чоңдор күнүнө 1-2 аш кашыктан 2 жолу ичүүгө болот.

Ал эми балдарга мындай тундурманы даярдоо үчүн арак менен спирттин ордуна кайнаган суу колдонуп, 12 сааттан кийин берүү керек. 3-4 күн катары менен күнүнө бир жолу 70-100 миллилитрден (бир жолудан) ичирүү кажет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!