Жүзүм - мезгилдин эң пайдалуу жемиши

5-Сен. 2017, Шейшемби

Кара жүзүм жүрөк, боор, көк боор, ашказан нерв системасынан жабыр тарткандарга жардам берет. Андан тышкары жүрөктүн иштешин жакшыртат, дем алуу кыйынчылыгына туш болгондорго табылгыс дары.

Күркүрөгөн күз учуру. Жашылча-жемиштер берекесин төгүп турган мезгил. Учурдан пайдаланып ден-соолугуңузга кам көрүүгө аракет кылыңыз. Себеби, ар бир жемиштин пайдасы бар экендигин унутпаңыз. Андан тышкары алардын ар бири А, В1, В2, С витамин жана минералдарга бай экендиги белгилүү эмеспи. Андан тышкары анын курамында магний жана калий да бар. Ал айрыкча рак жана баш ооруга каршы эң мыкты дары. Андыктан сизге берекесин төгүп турган жүзүм жөнүндө сөз кылалы.

Жүзүмдүн пайдаларын санаган менен бүтөбү?

Иммунитетти жогорулатуучу күчкө ээ.

Бөйрөк жана боорду жакшы иштетет. Боору ооругандарга жана аз кандуулукта абдан пайдалуу. Кандын тазаланышына жана денедеги майлардын эришине жардам берет.

Денеде чогулган зыяндуу заттардын тышка чыгышына шарт түзөт.

Организмди вируска каршы күчтүү кармайт. Жүрөк-кан тамырлардын жакшы иштөөсүнө жардам берет. Анын кабыгын жана данегин жегенге болот. Ал зыян алып келбейт, тескерисинче ашказанда тамак-ашты сиңирүү ишин тездетет. Ички органдарды зыяндуу заттардан тазалайт.

Кош бойлуу кезде буттагы шишиктерди кетирүү үчүн жүзүмдүн кычкыл даамдуу суусу абдан пайдалуу.

Псориаздан улам пайда болгон жараларга анын ширеси сүйкөлсө шыпаа берет. Андан тышкары курамындагы витамин жана минералдардын жардамы менен сулуулук эликсирин жана арыктоо режимдеринде колдонулат.

Мээге күч берүүчү булак катары да чоң пайдасы бар.

Терини кургатпайт, аллергиянын алдын алат.

Айрыкча кургатылган жүзүм ооздогу жагымсыз жыттарды кетирет, өпкө оорулары, унутчаактык, аз кандуулук, боор оорулары жана тамагы ооругандарга эң керектүү алгачкы дары.

Анын жалбырагы ичүүчү сууну тазалоодо жана көздүн жакшы иштешине карата шыпаагер. Жаңы үзүлгөн, эскирбеген жүзүм эне сүтүн көбөйтөт. Андан тышкары бөйрөк ооруларына жардамын берет. Рактын алдын алуу үчүн тез-тез жүзүм жеген оң.

Таттуу жүзүм менен кургатылган жүзүм бир учурда желсе ичеги-карын оорулары жана алардын сезгенишинен (колит) жабыр тарткандар үчүн шыпаа берет. Кара жүзүм жүрөк, боор, көк боор, ашказан нерв системасынан жабыр тарткандарга жардам берет. Андан тышкары жүрөктүн иштешин күчөтөт, дем алуу кыйынчылыгына туш болгондорго табылгыс дары.

Жөтөлдү жок кылат, ооздогу жараларды, жагымсыз нерселерди түп орду менен жок кылат.

Алсыроого учурагандар, чарчагандарды күчкө келтирет.

Сары жүзүм псориаз оорусуна дары.

Тиш ооруусун алдын алуу үчүн жүзүм менен сарымсакты сууга кайнатып, оозду чайкоо керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!