Элүү жаштагыларга эскертүү

7-Сен. 2017, Бейшемби

«Элүү жаш тоонун кыры» дейт элибиз. Бул жашка да жетүү оңой эмес. Жеткен соң өзүңүзгө кам көрүүнү унутта калтырбаңыз. Өзгөчө туура тамактануунун пайдасы чексиз. Анткени, элүү жаштан кийин кээ бир тамактардын пайдасынан зыяны артык болот.

Мисалы, сиз кан басымыңызды түшүрүүчү, антидепрессанттар, уктатуучу дары-дарымектерди ичип жүрсөңүз грейпфруттар алар менен реакцияга түшүп, дартыңызга дарт кошот. Грейпфрут С витамини менен калийге өтө бай.

Эгер сиздин тишиңиз алсыз, түшүп калуу коркунучу болсо, катуу жемиштерди жегенден баш тартыңыз. Аларды суюк кайнаган тамак же сууга бышырылган учурда жеген жакшы.

Төө бурчакты көпчүлүк жактырбайт. Анткени ал ичти көптүрүп, оорутушу да мүмкүн. Бирок бурчак сыяктуу азыктар клеткаларга пайдалуу дары жана майы да аз. Ошондуктан аны эптеп жеп көнүү керек.

Ичимдик биринчи душман. Ал адамды уктатканы менен сергек турууга жолтоо кылат. Кан басымды көтөрөт. Кант диабети менен ооругандарда гипогликемия пайда болот. Жашка байланыштуу ичкен дары-дарымектердин саны да көбөйүшү мүмкүн. Ал учурда арак-шарап ичүү өтө зыяндуу.

Кофеин бул психостимулятор, адамга түрлүү таасир берет. Ал жүрөктүн согушуна таасир берип уйкуну бузуп, тынчын алышы мүмкүн.

Эт белок менен майдын булагы. Куурулган этти жеген кыйын. Ошондуктан адамдар жумшак эти бар «фаст фуд» жегенге ашыгышат. Гамбургерлерде 20-30 пайызы май болот. Ал эми этте 10 пайыз гана. Бул эки кыйынчылыктан кутулуу үчүн майдалап тууралган эт жакшы.

Кырктан ашкандан кийин туздан баш тартуу керек. Организмде туздун көптүгү денеде суюктуктун таралышына тоскоолдук жаратат. Күрөө тамырдын кысымын арттырып, инфаркт менен инсульттун пайда болушуна жол ачат.

Капуста, брокколи жана бул жашылчаларга кирген башка дагы өсүмдүктөр ичти көптүргөнү менен С витаминине, бета-каротин, темирге бай. Булар онкологиялык ооруларды алдын алат.

Эң жакшысы пайдалуу тамак-ашка эрте көнүп кетүү керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!