Организмди бекемдейбиз

7-Сен. 2017, Бейшемби

Биздин организмде күн сайын 12 миллиардга жакын жаңы клеткалар пайда болот. Алардын 80 миллиону "туура эмес" клеткалар. Иммундук системанын милдети - ошол мутант-клеткаларды тезинен жок кылуу. Мындан тышкары, ал сырттан келүүчү бактерияларга, вирустарга тынымсыз каршылык кылып турушу керек. Эгерде иммундук система күчтүү болсо, ал өз милдеттерин оңой эле аткарат. Ал эми алсыз болсо анын коргонуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт. Иммундук системабыздын жакшы иштешине жардам берүү - ар бирибиздин өзүбүздүн колубузда.

Ысык-муздак душ кабыл алыңыз

Бул организмди бекемдөөнүн эң жакшы ыкмасы. Күн сайын 10-15 секунд башыңыздан бутуңузга чейин бүт денеңизге алгач ысык суу, анан 10-15 секунд муздак суу куюңуз. Муну 3-5 жолу кайталаңыз. Бул ыкманы дайыма кайталап турсаңыз, оорудан алыс болосуз.

Көбүрөөк кыймылдаңыз

Эгер мүмкүнчүлүк болсо спорт клубдарга барып машыгыңыз, бассейнге барыңыз. Эгер жок болсо - күн сайын эртең менен физикалык көнүгүүлөрдү жасаңыз. Физикалык жактан активдүү адамдарга вирустун коркунучу жок.

Таза абада көбүрөөк сейилдеңиз

Күнүнө 20-30 мүнөт жөө сейилдөө канды кычкылтек менен байытат, нерв системасын бекемдейт, организмдин ар кандай ооруларга туруштук берүүсүнө жардам берет.

Уйкуңузду кандырыңыз

Өнөкөт уйку канбоочулук иммунитетти түшүрүп салат. Андыктан, суткасына 7-8 сааттан кем эмес уктаңыз.

Көбүрөөк күлүңүз

Психологдор кызыктуу ачылыш жасашты. Көрсө, такай жакшы маанайда жүргөн адамдар пессимисттерге караганда азыраак оорушат экен.

Стресстен качыңыз

Нерв болуу бардык органдарга тескери таасир этет. Анын катарында иммундук система да жапа чегет. Оор күндүн аягында 30-40 мүнөт өзүңүзгө ырахат тартуулай турган нерсе менен алектениңиз.

Жашылча-жемиштен көбүрөөк жеңиз

Организмге таблетка түрүндөгү витаминдер эмес, жашылча-жемиштеги табигый витаминдер жакшы сиңет. Айрыкча иммунитет үчүн цинкке, темирге, С витаминине бай азыктар жакшы. Алар: лимон, төө буурчак, ит мурун, капуста, кара карагат, пияз, кара өрүк, алма.

Мончого барыңыз

Мындан кан тамырлар кеңейип, кан айлануу жакшыргандыктан, организмден токсиндер жакшы чыгат жана иммунитет көтөрүлөт.

Иммунитетти көтөрүүчү рецепттер

Малинанын майда-майда болуп кесилген бутакчаларын (1-2 чоң кашык) бир стакан кайнак сууга салып, 7-10 мүнөт кайнатасыз да, 2 саат демдеп коёсуз. Ошол маңызды 1-2 ууртамдан саат сайын ичип турасыз.

1 чоң кашык уругу жок мейизди, жаңгакты жана өрүктүн кагын майдалап, аралаштырасыз. Ага 1 чоң кашык бал жана жарым лимондун ширесин кошосуз. Жакшылап аралаштырып, бул аралашманы маал-маалы менен жеп турсаңыз болот.

Курамындагы С витамининин эсебинен ит мурун иммунитетти көтөрүүчү эң натыйжалуу каражаттардын бири болуп саналат. 2 чоң кашык ит мурундун кургатылган мөмөсүн майдалап, анын үстүнө жарым литр кайнак суу куясыз да, жай отто 15 мүнөт кайнатасыз. Түнү менен демдеп коюп, эртеси чай катары пайдалана берсеңиз болот. Бал кошуп ичсеңиз натыйжалуулугу жогорулайт.

Жаз мезгилинде үч жуманын ичинде жаңы сыгылган кызыл түстүү шире ичиңиз. Мисалы, кызылча, алча, бүлдүркөн, кулпунай, кызыл жүзүм, анардын. Ушул ширелердин кайсынысын болсо да биринчи жумада жарым стакандан күнүнө үч жолу ичесиз, экинчи жумада 2 жолудан, ал эми үчүнчү жумада 1 жолудан ичесиз. 10 күндөн кийин курсту кайра кайталасаңыз болот.

Орточо көлөмдөгү 4 баш пиязды майда туурап, ага 200 грамм шекерди аралаштырасыз. Үстүнө жарым литр сууну куюп, жай отто 1 сааттай кайнатасыз. Пайда болгон ботко муздаган соң ага 2 чоң кашык бал кошуп, айнек идишке салып коёсуз. Күнүнө 3-5 жолу 1 чоң кашыктан жеп турасыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!