Күн салкындаганда кандай тамак жеш керек?

8-Сен. 2017, Жума, 13:27

Күн салкындай баштаганда, күзүндө гана эмес кышында да биздин иммундук системабыз алсыз болот. Дал ушу кездерде жашылча, мөмө-жемиштерди көп жебейбиз, ал эми абада калкып жүргөн түрдүү вирустар организмге кирүүгө тырышат. Вирустан сактанып, дененин сактыгын кантип бекем кыла алабыз? Ушул суроонун тегерегинде сиздерге сунуштай турган бир нече кеңешибиз бар. Көңүл буруңуздар!

Туура тамактанууга аракет кылыңыз. Суук мезгилде милдеттүү түрдө жей турган тамагыңыздын курамында болууга тийиш азыктар:

1. Капуста

В, С витаминдерине бай.

2. Ит мурун

Итмурун С витамининенин көп өлчөмүн жана башка дагы витаминдерди курамына камтыйт. Ошону менен катар, ит мурунда темир, фосфор, калий, магни бар.

3. Варенье жана жемиштерден жасалган таттуу азык же болбосо муздатылган кара карагат

Алардын жардамы менен организмди В, С, Е, Д, Р, К витаминдери менен байытыңыз. Иммунитетти жогорулатып гана койбой, организмге турдүү вирустар менен күрөшүүгө жардам берип, кан айлануунун жумушун жакшыртат.

4. Цитрус жемиштери ( лимон, апельсин, грейпфрут)

Аскорбин кычкылын, магний, калий, темир, фосфор, натрий, калцийди, А, В, РР витаминдерин цитрус жумиштеринин курамынан табууга болот.

5. Ат кулак менен шпинат

Муздатылган абалында да пайдасы мол. Жогоруда көрсөтүп өткөн витаминдерден башка жез, цинк, марганецти курамында кездештирүүгө болот.

6. Болгар калемпири

Кан тамырларды бекемдеп, мээдеги кандын айлануусуна пайдалуу.

7. Көк пияз

Иммуниетке эң күчтүү таасир берүүчү азык болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!