Аспирин оорудан сактабайт

13-Сен. 2017, Шаршемби, 10:28

Улуу Британиянын Эдинбург университетинин окумуштуусу Питер Сандеркок соо адамдарга аспирин колдонуудан баш тартууну сунуштайт. Анын айтуусу боюнча, ацетилсалицил кычкылынын пайдасынан зыяны көп.

Адатта адам аспиринди жүрөк жана зыяндуу шишик ооруларын алдын алуу препараты катары колдонушат. Башы ооруса да ичип жүргөндөр көп. Бирок П.Сандеркок баштаган британ окумуштуулары бул дарыны адамдардын оңду-солду колдонууларына тыюу салууну сунуштайт.

Ошону менен бирге, анын дени сак адамдарга эч кажети жок дейт. Инсульт болгон же болбосо тамыр ооруларына чалдыккан адамдар гана колдонуусуна болот. “Мeddaily.ru”нун маалыматы боюнча, он жылдык сынак учурунда аспиринди колдонгон 10 миң бейтапка жүргүзүлгөн изилдөөдө 170тен ашык дарынын тескери таасирин байкашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!