Балык майынын пайдасы

13-Сен. 2017, Шаршемби, 11:10

Грек окумуштууларыныны изилдөөлөрүндө күнүнө 10 гр балык майын ичүү адамдардын арасында көп кездешүүчү күтүлбөгөн жерден жүрөктүн токтоп калуусун 41 пайызга кыскартаары байкалган. Цинцинати университетинин окумуштуулары күнүнө 2 гр балык майын кабыл алып туруу кан басымын калыбына келтирерин далилдешкен. Алардын айтуусу боюнча, түрлүү дарылар менен эмделгенден көрө балык майынын шыпаасы көбүрөөк жана биз өз организибизди химиялык уулануудан сактай алабыз. Ошону менен бирге ал рак оорусун токтотот же болбосо рактын шишигин кичирейтет деп да айтылып келет.

Кытай окмуштууларынын пикири боюнча, рак оорусу менен ооруган адамдардын организминде омега-3 амин кычкылы өтө аз байкалган. Өзгөчө балык майын кош бойлуу айымдар көп ичкени жөн. EPA жана DHA комбинациясын 650 мг же болбосо 1000 мг өлчөмдө ичүү керек, балык майын ичүүнү кош бойлуу жана баланы эмизген маалда да улантууга болот. Мындан адам иммунитетине зыян болбойт. Балык майы кандагы Е концентрациясын төмөндөтөт, ошондуктан Е витаминдерин да бирге колдонуу керек.

Адистердин айтуусу боюнча, жумасына кем дегенде 140 граммдык эки порция балык жеш керек, өзгөчө жаз маалында организмдин ордуна келүүсүнө жардам берет. Балыктын курамында минералдар, протеиндер жана көп түрдүү витаминдер омега-3, омега-6, омега 9 амин кычкылдары бар.

Сөөгү менен жегенге боло турган сардин, лосось балыктарында фосфор жана фтор көп өлчөмдө кездешет. Кальций сөөктү бекемдеп, фосфор организмге керектүү функцияларды күчөтөт, ал эми фтор тишти бекитет.

Балык майындагы А витамини организмди тазалайт, зыяндуу вирустарды жок кылып, ошону менен бирге теринин функциясын жаңыртат. Көздүн көрүүсү начарлаган кезде семга балыгынын майы менен дарылоого болот. Натыйжасы көп күттүрбөй байкалат.

Жалпысынан балыктын майы- адамдын организмине керектүүлүгү жагынын биринчи орунда турат. Ал эми балыктын: падыша балыгы, сардина, скумбрия, семга, лосось, форель, сазан сыяктуу түрлөрүн жеп туруу кажет. Булар тиштин, сөөктүн бекем болуусу үчүн пайдасы зор. Балык этинде темир көп. Ал шишик ооруларын алдын алууга жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!