Денедеги көгөргөн тактан тез арылуунун жолдору

15-Сен. 2017, Жума, 10:02

Жыгылганда, мушташканда, аялдар күйөөсүнөн токмок жегенде денесине көк түшөт. Анын өзү кетүүсүн күтүп үйдөн чыкпай жата берген менен мезгил бизди күтпөйт. Балким, сиз ал убакыт аралыгында көптөгөн эң маанилүү иштерди бүтүрөсүз. Андыктан, андан арылуу үчүн өзүңүз аракет кыла бергениңиз оң. Ал үчүн сизге төмөнкү ыкмалар жардамга келет.

Капуста денедеги көктөн арылууга алгачкы мүнөттөрдө гана жардам берет. Ал үчүн капустанын жалбырактарын ширеси чыкканча бир аз сыгып, катуу сөңгөктөрүн алып саласыз да, жумшарган жалбыракты жаракат алган жериңизге коёсуз.

Музду да жаракат алгандагы алгачкы учурларда колдонуу зарыл. Көгөрүп кетүү коркунучу жаралган денеңиздин бөлүгүнө муздан улам-улам басыңыз. Муз кан тамырларды тарытып, теринин астына кандын азыраак агышына шарт түзөт.

Эгер колуңузда муз жок болсо, жаракат алган жериңизди эластик бинти менен таңыңыз. Ал жарылган кан тамырларды кысып, көктүн жайылып кетишинин алдын алат.

Жылуу сууга малынган сүлгүнү бир күндө 3 жолу 20 мүнөттөн коюп турсаңыз, көгөргөн жериңиз 2-3 күндөн кийин кайтып кетет.

Бир рюмка уксус менен бир рюмка арактын аралашмасына 1 чай кашык туз кошуп ошону менен көгөргөн жериңизге компресс кылсаңыз да жакшы натыйжа чыгат.

Алоэнин жалбырагын ортосунан ажыратып, эттүү жагын жаракат алган жериңизге басыңыз.

Жаңыдан көгөргөн жериңизге тез-тезден йоддон торчо жасап турсаңыз көгөрүүнүн андан ары өнүгүшүнүн алдын алган болосуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!