Организмди тазалоо

18-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 10:47

Организмди тазалоо - дарт менен күрөшүүнүн башаты. Биздин бардык ооруларыбыздын себеби - бул организмибиздин булганышы. Адам бүткүл өмүрүндө тонналаган азыктарды кабыл алат да, анын эсебинен клеткалар, органдар өзүнчө эле таштандыга айланат. Анда шлактар топтолот, а шлактар болсо ар кандай ооруларды чакырат. Албетте, организм деле күрөшөт, бирок, бул күрөш үчүн ал өтө эле көп күч жумшайт. Эгер биз шлактарды өзүбүздөн чыгарып салсак, картаюу процессин токтоткон болобуз. Демек, организмибизди тазалайбыз. Кантип?..

Ичегини тазалоо

Эң негизги процедура - ичегини тазалоо. Бул тазалоо организмден эски шлактардын катмарларын алып чыгат (бул тазалоодон кийин айрымдар бир нече килограмм салмак ташташат). Тазаланган ичеги жаңы күч менен пайдалуу заттарды өзүнө сиңире баштайт. Мурун буга шлактар тоскоол болгон. Жыйынтыгында, сиздин иммунитетиңиз көтөрүлөт, териңиз тазарат, чачыңыздын абалы оңолот, энергиялуу болуп каласыз, ооз көңдөйүңүздөн чыккан дем жаңыланат. Кыскасы, ичиңиздеги таштандыдан арылып, өзүңүздү бир кыйла жакшы сезип каласыз.

Жоон ичегини тазалоодогу эң сапаттуу жана тез каражат болуп клизма эсептелинет. Бирок, кандайдыр бир себептерден улам клизманы колдоно албагандар төмөнкү ыкмалардын бирин колдонсо болот.

Алманын жардамы менен

Алмада бардык башка жемиштер сыяктуу эле клетчатка бар. Мындан тышкары алманын дээрлик бардык сорттору жемиш кислотасына ээ. 2-3 даана алманы кыргыч менен кырып, күн сайын эртең менен ач карын абалыңызда жеңиз. Бул процедураны бир ай бою калтырбай кайталаңыз да, экинчи айда муну күн алыс жасаңыз. Алманы жеген соң үч сааттан кийин тамак ичүү керек. Мындай диета заңдагы таштарды эң сонун бөлүп чыгарат.

Тилекке каршы, жоон ичегини тазалоо бардык эле адамдарга туура келе бербейт. Бул олуттуу өнөкөт оорусу барларга сунушталбайт. Мисалы, астма, диабет, гепатит, дифтерит, менингит, кургак учук, панкреатит, жогору же төмөн кан басым, жүрөк оорулары, онкологиялык оорулар. Анан албетте, айыз убагында жана кош бойлуу кезде ичегини тазалоо тууралуу ойлонбоңуз.

Боорду тазалоо

Боорду тазалоодон сиздин каныңыз тазаланат. Мындан кан тамырлардын абалы жакшырат, эркин айланат, демек, организмдин клеткалары да шлактардан тазаланат да, сиз энергиянын жана күчтүн агымын сезесиз. Бетиңиздеги саргыч же бозомук түс, безеткилер жоголот. Боорду тазалоо учурунда өт да шлактардан бошонот. Натыйжада, сиздин эмоционалдык абалыңыз өзгөрөт, маанайыңыздын көтөрүлгөнү байкалат.

Бирок, боорду тазалоону жоон ичегини акырына чейин тазалап бүткөндөн кийин гана баштоо керек. Бул тазалоого эң ыңгайлуу мезгил болуп - жаз айы эсептелинет.

Боорду тазалаардан мурун ага 5 күн даярдануу керек. Ал үчүн эт, балык, жумуртка, бардык сүт азыктарын рационуңуздан алып салып, жашылча шорпосуна, жашылча жана жемиш ширесине өтүңүз.

6-күнү сабиз, сабиз-алма же кызылча-сабиз ширелерин аралаштырып ичиңиз, бирок, эч нерсе жебеңиз. Түштөн кийин бооруңуздун айланасын ысыта баштаңыз. Муну ысык суу толтурулган банканы бооруңуздун сыртына басуу менен ишке ашырсаңыз болот. Болжол менен кечки саат 7-8дерде боордун өзүн тазалоого өтүңүз: Алгач ар бирин 200-300 граммдан күн карама майы менен лимон ширесин өзүңүздүн денеңиздин температурасынан бир аз жогорураак кылып ысытып алыңыз.

Баары даяр болду. Алдыңызда эки стакан турат: биринде май, экинчисинде шире бар. Эми 1-2 ууртам майдан ууртап, анын артынан ошончо өлөчөмдөгү ширеден ичиңиз. 15-20 мүнөт күтө туруп, эгер көңүлүңүз айланбаса, ушундай эле жол менен дагы ичиңиз. Дагы күтүп, дагы ичиңиз. Ошентип май менен ширени түгөтүңүз. Андан соң жатыңыз. Бооруңузду сыртынан ысытууну уланта бериңиз, боор канчалык көп ысыса, жыйынтык ошончолук жакшы болот. Тазалоодон соңку эң биринчи кабыл алган тамагыңыз - 0,5 литр сабиз же кызылча-алма ширеси болууга тийиш. Бир аздан соң ачкалыкты сезе баштаганыңызда салат, дымдалып бышкан жашылча, сууга бышырылган ботко жей берсеңиз болот. Анан бара-бара кадимки тамактарга өтүп кетесиз.

Бөйрөктү тазалоо

Бөйрөктү тазалоо - организмдеги суюктуктун балансын тартипке салат, ашыкча туздарды алып чыгат. Бөйрөк шлактарга толуп калганда организмде суюктук туруп калат да, шишик пайда болот. Мындан улам өзүңүздү оор, чарчаңкы сезесиз. Ал эми бөйрөктү шлактардан тазалаганда организмдеги ашыкча суунун баары сыртка чыгат. Мунун эсебинен көздүн астындагы, колдогу жана буттардагы шишиктер кетет, тери сыйда болуп калат. Кан да жакшырат, кан басым ордуна келет, баш оору токтойт, уйку өз калыбына түшөт.

Дарбыздын жардамы менен

Дарбыздын маалы башталган убакта тазалоонун бул ыкмасын 7 күн жүргүзөсүз. Ушул күндөр ичинде бир гана дарбыз жана кара нан жейсиз. Мындан тышкары күн сайын түнкү саат 2-3 болушун күтүп, 38-40 градус жылуулуктагы суу толтурулган ваннага отурасыз да, ошол эле жерден бүтүн бир дарбызды жейсиз. Анткени, дал ушул маалда бөйрөк активдүү иштей баштайт да, кумдун бөлүнүп чыгышы жакшырат. Эгер кум менен таштардын заара аркылуу бөлүнүп чыгуусун өз көзүңүз менен көргүңүз келсе, алдын ала идиш даярдап алыңыз да, ошол идишке заара ушатыңыз.

Кумдардын дароо эле бөлүнүп чыга баштаганы байкалса, бир жума жетиштүү болот. Болбосо, бул процедураны үзбөй 2-3 жума кайталоо керек.

Бөйрөктүү тазалоону цистит болуп жатсаңыз, айызыңыз келип жатса жана кош бойлуу болсоңуз жасоого болбойт.

Кан тамырларды тазалоо

Бул организмдин жашаруусу үчүн эң сонун ыкма. Тамырлар тазаланган соң кан айлануу эң жакшы иштеп, ар бир клетка таза кан менен каныгат. Бул болсо организмди жашартып, терини, тырмактарды, чачты бекемдейт. Кан тамырды тазалоо жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат.

Сарымсактын жана лимондун жардамы менен

4 баш тазаланган сарымсакты жана 4 даана лимонду (кабыгы менен) эт майдалагычтан өткөрүңүз. Аны 3 литрлик банкага салып, үстүнө жылуу суу куюңуз. Бөлмө температурасында бул 3 күн турсун. Маал-маалы менен арлаштырып туруңуз. 3 күндөн кийин маңызды тундуруп алып, суусун муздаткычка сактаңыз да, 100 граммдан күнүнө 3 жолу ичиңиз.

Биринчи банканы ичип түгөткүчө экинчи банканы даярдап коюңуз. Бардыгы болуп 4 банка ичсеңиз, толук курстан өткөн болосуз. Бул дарылоо курсун бир жылда бир жолу өткөрүп туруу керек.

Бул ыкма бөйрөк оорусу бар адамдарга, кош бойлуу аялдарга жана эпилепсия менен ооругандарга сунуш кылынбайт. Дарылоо убагында кофе, какао, коюу чай, ачуу тамактарды жебей эле койгон оң. Алкоголдук ичимдик колдонууга таптакыр мүмкүн эмес.

Муундарды тазалоо

Муундарды тазалоо - организмдеги ашыкча туздарды эритип, аны сыртка бөлүп чыгарат. Мындан соң сиз жеңилдикти сезесиз. Тазалоодон соң муундар оңой бүгүлүп, басыгыңыз жеңилдеп калат.

Лавр жалбырагынын маңызы менен

Дарылоонун толук курсунан өтүү үчүн сизге 30-35 даана лавр жалбырагы керектелет.

5-6 грамм лавр жалбырагын алыңыз да, үстүнө 300 грамм кайнак суу куюп, жай отко 3-5 мүнөт кайнатыңыз. Андан соң сууну жалбырак менен кошо термоско куюп, түнү бою коюп коюңуз. Эртең менен тундуруңуз. Тамактануунун ортолорунда 12 сааттын ичинде аз-аздан ууртап түгөтүңүз. Бир ичкенде көп ичип алуудан башыңыз айланышы мүмкүн.

Күн сайын кечинде даярдап коюп, катары менен 3 күн ичиңиз. Андан соң бир жума эс алып, кайра үч күн ичиңиз.

Бир айдан соң баарын башынан баштаңыз: 3 күн ичип, 1 жума эс алыңыз, андан соң дагы үч күн ичиңиз. Ошентип, муундарды дарылоонун толук бир курсу бүтөт.

Дароо эле жыйынтык байкалбашы мүмкүн. Шашпаңыз, бир нече күндөн кийин сиз организмиңиздеги жакшырууну сезе баштайсыз, андан соң муундарыңыздын ооруганын биротоло унутасыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!