Кыргызстан 3 гана пайыз дары-дармек өндүрүп чыгат

16-02-2017

Кыргызстандагы дары-дамектин 97 пайызы импорт, ал эми калган 3 гана пайызы өзүбүздө өндүрүлөт. Жалпы товар жүгүртүү көлөмү – жылына 10 млрд сом. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Армениянын Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү эрежелери жөнүндө макулдашууга кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

Депутат Руслан Казакбаев сындуу бир катар депутаттар дары-дармек менен камсыз кылуу жаатындагы контрабанданын көлөмүнө кызыгышты. Дары менен камсыздоо департаментинин өкүлүнүн айтымында, контрабандалык товарларды аныктоо иши департаменттин милдетине кирбейт, ошентсе да, 2016-жылы дарыканаларда 100 миӊ сомдук контрабандалык товарлар аныкталган.

Андан сырткары, Кыргызстанда бир жагы мамлекеттик фармацевтикалык завод жок экени, бирок мыйзамда тыюу салынбаганы белгилүү болду. “Жеке менчик компаниялар тарабынан өндүрүлгөн дары-дармектердин баары мамлекеттин көзөмөлүндө турат”, - деп тактады Дары менен камсыздоо департаментинин директорунун орун басары Жаӊыл Жусупова.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!