Тишиң барда таш чайна

26-Сен. 2017, Шейшемби, 15:13

Ден-соолугубуз жайында, жаныбыз кейибей жүргөндө тиштин баркын билбей, ал тургай ага кам көрүүнүн эң жөнөкөй эрежелерин деле сактабасак керек. "Жумшактан ич оору, катуудан тиш оору" дегендей, тиш ооруга кабылсак жаныбызды коерго жер таппай калабыз. Өзүңүздүн абалыбызды оорлотпой, тиштин гигиенасын сактап, эң жөнөкөй эрежелерди эске алыңыз.

Тишти тазалоонун туура жолдору кандай?

- Тиштин гигиенасын бузбай сакташ үчүн тиш щетканы үч айда бир алмаштырып туруу зарыл. Катуу щетка менен жууган алда канча пайдалуу жана бүйлөгө массаж катары жакшы таасирин тийгизет. Жаңы алган щетканы кайнак сууга беш-он мүнөт салып туруп андан соң пайдаланыңыз. Ооздон жагымсыз жыт чыкпаш үчүн ромашканын же шалфейдин кайнатмасы менен бир күндө оозду бир нече жолу чайкап туруу керек. Тиштин арасындагы микробдорду алып чыгууга дал ушул ромашканын тундурмасы жардам берет. Тиштин арасына тыгылган тамактын калдыктарын тазалоо үчүн атайын тиш тазалоочу жипти колдонуудан качыңыз. Себеп дегенде, ал бүйлөгө терс таасирин тийгизип, ал тургай бүйлөнү тилип да кетиши мүмкүн.

Үй шартында тишти агартуунун кандай жолдору бар?

- Кымбат, сапаты жакшы тиш пастасын колдонуу менен тиштин гигиенасын сактоо мүмкүн. Атайын тишти агартуучу пасталарды бир айдан ашык колдонбоңуз, колдонгон күндө да маал-маалы тишти эс алдырып турбаса, эмалы кете баштайт. Пастадан тышкары үй шартында тишти агартуунун бир нече ыкмасын колдонсоңуз болот: лимондун кабыгы менен тишти бир нече мүнөт сүртүп туруп жылуу сууга чайкасыңыз, жакшы жыйынтык берет. Дагы бир жөнөкөй жолу, ным марляны содага тийгизип алып, аны менен тишти сүртөсүз. Бирок, мунун жыйынтыгы жакшы болгону менен тиштин эмалына зыян келтирет. Тиштин эмалын жабыркатпаш үчүн сода менен кошо сүт азыктарын колдонсоңуз жакшы жардам берет. Тиш дарыгердин көбүнө саргарган тиштер жагат, көрүнүшү жагынан анча жакшы болбогону менен катуулугу, "дени сактыгы" жагынан саргыч тиштер алдыда турат.

Балдарга тиш жууганды канча жашынан баштап үйрөтүү керек?


- Көпчүлүк ата-энелер баланын сүт тиши чыгып жатканда маани беришпей, ал тургай тишин жууганды деле үйрөтүшпөйт. Анткени, сүт тиш баары бир түшүп, ордуна жаңы тиш чыгат деген түшүнүктө болушат. Бирок, баланын кийинки ден-соолугу, жаңы чыга турчу тиштер да сүт тиштен көз каранды. Атайын балдарга арналган тиш щңтка жана паста менен балаңызга эки жашынан баштап эле тиш жууганды үйрөтүңүз. Айрымдар баланы басып алып өздөрү жууп берип жалкытып алышат. Андан көрө баланын өз колуна тиш щетканы карматып, тиш жуу процессин оюнга айландырыңыз. Өз кылган ишине наристеңиз кадимкидей ыраазы болуп, кызыгуусу пайда болот. Эртең менен, кечинде тишин сөзсүз жуудуруп, башка убакта тамак ичкенден кийин жылуу суу менен чайкаганды үйрөтүңүз. Кичине кезинен гигиенага кандай маани берип кызыгуусу жаралса, ошол адаты аны менен өмүр бою калыптанат.

Төрөттөн кийин тишке кантип кам көрүү керек?

- Төрөттөн кийин аялдардын организми алсыз болуп, өзгөчө кам көрүүгө муктаж болот эмеспи. Ушул учурда тишти көбүрөөк жылуулаш керек. Себеби, кош бойлуу кезде ооз көңдөйүнөн токсиндер бөлүнүп чыгып, бүйлөнүн кызарып кансырашына алып келет. Мындай диогнозду "парадонтит" деп аташат. Бүйлө кызарып эттин ткандары бошоп, жыйынтыгында тиштердин аралыгы бошой баштайт. Аял кош бойлуу кезинде организминдеги кальцийди түйүлдүк менен бөлүшүүгө туура келгендиктен, азайган кальцийди дайыма толуктап туруу зарыл. Ал үчүн кош бойлуу кезде да, төрөттөн кийин да сүт, быштак, жашылча-жемиш менен тамактануу зарыл. Муздак менен ысыкты аралаштырып жеген башкаларга кандай зыян болсо, кош бойлуулар үчүн бул эки эсе коркунуч туудурат.

Ооздон чыккан жагымсыз жытка тиш себепкерби?

- Ооздон чыккан жагымсыз жыттын себебин так аныкташ үчүн адегенде тишти текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Көбүнчө бүйлөнүн, тиштин түбүндө калган тамактын калдыктары жагымсыз жыттын келип чыгышына шарт түзөт. Эгер тишиңиз таза, баары жайында болуп, бирок, болбой эле жагымсыз жыт чыга берсе, анда каптаманы текшертип, качан салдырганыңызды эстеңиз. Каптама салдырып, доктур так белгилеген убакыттан мурда тамактанып алганда камтаманын астына тамактын кичинекей калдыгы калса да ооздон жагымсыз жыттын чыгышына алып келет. Тиш жууган паста менен жууганда ооздогу микробдор өлүш үчүн тиш щетканы жакшылап жууп, кургатыш керек. Андан да жакшы ыкма, тишти эртең менен башка щетка менен кечинде бөлөгү менен жууган жакшы. Анткени, бактерия суу щеткада өзүн "мыкты" сезип, суусу сарыгып кургагандан кийин гана өлөт. Ал эми щетка жүз пайыз 24 сааттан кийин гана кургайт.

Акыл тиштин башкалардан өзгөчөлүгү кандай?

- Башка тиштердин оорусу жаныңды сыздатса, акыл тиштин көйгөйү эки эсе оор. Кээ биринин акыл тиши өспүрүм кезинде чыкса, айрымдарына өтө эле кеч чыгат. Жалпы жонунан адамдын 32 тиши болсо, анын төртөө акыл тиш. Акыл тиштин тамак чайноодо ролу чоң болбогону менен жарылып чыкканда ар бир адамдыкы ар кандай болуп үч жол менен оорушу мүмкүн. Биринчиси, тиш аягына чейин жарылбай башка тиштерди кысымга алышы мүмкүн. Экинчиси, акыл тиш узак убакытка жарылып, шишип оорутуп, жыйынтыгында дене табынын көтөрүлүшүнө алып келет. үчүнчүсү, акыл тиш чыкпай деле калышы мүмкүн. Бирок, бүйлөнүн нерв тамырларды жанды сыздатып оорутушу күтүлөт. Тамактын калдыктары бүйлөгө чогула берип бактерияларды пайда кылат. Мындай кырдаалда өз алдыңызча тишти чукулай бербестен доктурга кайрылганыңыз оң. Болбосо бүйлөнү ириңдетип тишиңизге да, башка организмге да кооптонуу жаратасыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!