Сасык тумоодон дарылануу

Сасык тумоодон дарылануу
29-Сен. 2017, Жума, 10:22

Сарымсак

Сарымсактын өзүн жегенге аракет кылыңыз. 2-3 тишчесин нан менен жеп, ысык чайдан ичип, жылуу жатыңыз. Муну күнүгө кечинде, айыкканча кайталоо кажет.

Даяр суюк тамакка сарымсакты майдалап туурап, ичиңиз. Же коюу тамакка деле туурап, кошуп жеңиз.

Кичинекей балдар ооруп калса, дары берүүдөн тышкары сарымсактын тиштерин жипке шурудай кылып тизип, мойнуна тагып койсо да жакшы.

Эскертүү: ашказан-ичеги оорусу барларга сарымсак жегенге болбойт, ооруну күчөтүп жиберет.

Алоэ
Алоэнин 100 грамм ширесине 300 грамм бал, 500 грамм грек жаңгагын жана 3-4 лимондун ширесин аралаштырып даярдаңыз. Муну күнүгө 3 маал, тамак ичерден 30 мүнөт мурун кабыл алуу зарыл.

Сүт
Бир стакан жылуу сүткө 1 чоң кашык бал кошуп, күнүнө 2-3 жолу ичүү сунушталат.

Бал

2 аш кашык балга сарымсактын 3-4 тишчесин майдалап аралаштыруу зарыл. Анан 1 чай кашыктан күнүгө жылуу суу менен 3-4 маал ичүү керек.

1 стакан кайнак сууга 1 аш кашык чычырканактын кыямын, 1 аш кашык бал кошуп, аралаштырып ичсе да жардамы чоң.

Эскертүү: аллергиясы барларга бал колдонууга болбойт!

Чай

100 грамм ысык чайга 100 грамм кызыл шарап, 100 грамм малинанын кыямын кошуп ичип, дароо жылуу төшөккө жатса да адам бат сакаят.

1 чыны чайга 1 кашык бал, 1 тилим лимон кошуп ичсе пайдасы зор.

Пияз
Эгер сасык тумоо жаңыдан башталып жаткан болсо, анда бир даана кичирээк пиязды майдалап, аны дакиге ороп даярдап алыңыз. Анан мурундун таноолорунун үстүнө 10 мүнөт коюңуз. Муну күнүнө 3 жолудан жасап туруу керек.

Ванна

200 грамм ромашканы (дарыканадан алса болот) 5-6 литр сууга бир кайнатып алуу керек. Андан соң аны сүзүп, 35-37 градус жылуулуктагы ваннадагы сууга кошуңуз. Ваннада дарылануунун убактысы 10-15 мүнөткө созулат. Мында ромашканын эфир майы денеге сиңип, денени сезгенүүдөн сактап жана дезинфекциялайт.

Горчицаны 35-37 градус жылуулуктагы сууга аралаштырып, ага бутту 10-15 мүнөт салып отуруу керек. Эгер денеңиздин температурасы 37 градустан жогору болсо, анда минтип дарыланууга болбойт.

Арча
Арчанын түтүнүнө мурунду тосуп турса да жардам берет. Муну каалашыңызча жасасаңыз болот, чектөө жок.
Арча зыяндуу бактерияларды өлтүрүп, дем алуу органдарын ачып, кенен дем алууга көмөкчү болот.

Мончо

Мончонун ысык буусунан улам жүрөк тез иштеп, кан айлануу жакшырып, зыяндуу заттар тер менен чыгып, адам жеңилдей түшөт. Сасык тумоо өөрчүшүп, дене температурасы жогору болгондорго мончонун буусуна кирүүгө болбойт.

Мончодон чыккандан кийин лимон же бал кошулган ысык чай ичип, жылуу жатыңыз.

Жана дагы...
Жогорудагылардан сырткары тамактанууда жеңил тамактарга басым жасап, жашылча-жемиштерди көбүрөөк колдонуп, кайнак сууну көп ичүү керек. Кайнак суунун өзүн же ага малинанын, карагаттын, чычырканактын кыямын кошуп ичсе болот. Ошондой эле маал-маалы менен гимнастикалык көнүгүүлөрдү аткарууну унутпаңыз. Денедеги кан тез айланып турса, адамдын көңүлү ачылып, сергий түшөт.
Сасык тумоону убагында сөзсүз дарылоо керек. Болбосо оору тереңдеп кетип, башка ооруларга жол ачылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жээнбеков жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташууну сунуштады
Жээнбеков жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташууну сунуштады
Инстаграм үзгүлтүккө учурады
Инстаграм үзгүлтүккө учурады
Сауд Арабия оркестри аткарган Россиянын гимни кызуу талкууга түштү (видео)
Сауд Арабия оркестри аткарган Россиянын гимни кызуу талкууга түштү (видео)
Кыргызстандык окуучулар Иран олимпиадасында медаль жеңип алышты
Кыргызстандык окуучулар Иран олимпиадасында медаль жеңип алышты
ИИМ: Асановдун иши боюнча тергөөгө кысым көрсөтүлгөн жок
ИИМ: Асановдун иши боюнча тергөөгө кысым көрсөтүлгөн жок
Ревматизм оорусунун белгилери
Ревматизм оорусунун белгилери
Чагылгандын катуу соккусунан койлор жан берди (видео)
Чагылгандын катуу соккусунан койлор жан берди (видео)
Батукаев иши: соттук отурумдарга Атамбаев келбей турган болду
Батукаев иши: соттук отурумдарга Атамбаев келбей турган болду
Актан Рыскелдиев “Сүйүнчү” радиосунда эфирге чыгат
Актан Рыскелдиев “Сүйүнчү” радиосунда эфирге чыгат
Россия Баткен облусуна бир мобилдик клиника белекке берди
Россия Баткен облусуна бир мобилдик клиника белекке берди
Келдибеков: Жээнбеков журт атасы экенин көрсөтө алды
Келдибеков: Жээнбеков журт атасы экенин көрсөтө алды
ИИМ: Кызматкерлер массалык түрдө жумуштан кеткен жок
ИИМ: Кызматкерлер массалык түрдө жумуштан кеткен жок
Тамак-аштын көбү ысырап болууда
Тамак-аштын көбү ысырап болууда
Кызсайкал Кабылова менен таанышкан жигит ким?
Кызсайкал Кабылова менен таанышкан жигит ким?
Балдар эмне үчүн жалган сүйлөйт?
Балдар эмне үчүн жалган сүйлөйт?
Асема Токтобекова: Сизди сүйгөн жүрөктү капалантпаңыз!
Асема Токтобекова: Сизди сүйгөн жүрөктү капалантпаңыз!