Өлүм алдындагы адам баарын угат!

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:44

Жакыныбыздын же болбосо жөн эле бир адамдын өлүмү өтө оор учур эмеспи, бирок ар бирибиз бул жалган жашоонун чындыгы менен акыры бетме-бет келебиз. Акыркы мүнөттөрун жашап жаткан адамдар эч нерсени билбегендей, туйбагандай сезилсе да, алар бардык нерсени сезе билүүсү ыктымал.

Адам баласы төрөлөт, чоңоёт, көз жумат. Мына ушул жашоо жолубуздун 3 этабы чынында эле сырдуу. Күнүмдүк жашообузда көп ойлонбогон же ойлонгубуз да келбеген жашоонун акыркы мүнөттөрү тууралуу окумуштуулар тарабынан дагы дале иликтенип, изилденип жатат. Бир адамдын өлүм учурунда эмнелерди жашары, акылына эмнелер келери, айлана-чөйрөсүндөгүлөргө мамилеси, акыркы ойлору... Мына ушунун баары өлүмдүн сырын ачууга чоң көмөк бере алат.

Өлүм алдында турган адамдар тамак жебей, суу ичпей, алсызданып акыры сүйлөбөй, көрбөй да калат. Бирок адамда бул учурда да өз функциясын так аткарган орган бар. Ал-угуу.

Бул жыйынтык бир окумуштууларга эмес, ажал менен күрөшкөн адамдардын жанында жүрүп, колунан келишинче жардам берген медсестрага тиешелүү. "Lifehacker"дин бүтүрүүчүсү болгон, тажрыйбалуу медсестра өзүнүн жыйынтыктары, ой-толгоолору менен бөлүшүүдө өзүнүн аты-жөнүн жашыруун калтырган.

“Өлүм учурундагы адамдын угуу сезими дайыма иштеп турат. Ошол себептен эгер жанында болсоңуз ар бир сүйлөгөн сөзүңүзгө маани берип, көңүл бурушуңуз керек. Кандайдыр бир жагымсыз сөздөр болсо бөлөк комнатада сүйлөшүүгө аракет кылуу керек. Ал адамдардын жанында бир гана жакшы сөздөрдү сүйлөө кажет, эмнеси болсо да жакшы көрөрүңүздү айтыңыз".

Бул маалыматты окуганда адамды ойлонтпой койбойт. Бирок мындай окуялар, учурлар менен күндө аралашып жүргөн адамдын сөзүнө ишенбей коюуга да болбойт. Адам жашоосунда жүрөгүн ооруткан бир нерсе уккусу келбейт. Ал эми өлүм алдында турса да угуу органы иштеп турган адам жөнүндө жаман сөздөрдү сүйлөшүү адепсиздикке жатат. Жашоого күлө кара, кубан, жүрөктү ооруткан маселелерди жашооңон чыгарууга аракет кыл, биз бул жашоого бир гана жолу келебиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!