Организмди тазалоо өтө зыяндуу болуп чыкты

17-Окт. 2017, Шейшемби, 11:06

38 жаштагы киши организмдеги токсиндерге каршы кабыл алуучу магний сульфатын колдонгондон (магнезия) кийин бооруна зыяндуу таасир бергени белгилүү болгон. Бейтап магнезияны өт жолундагы ташты кетирүү үчүн пайдаланган. Бирок, анын берген таасири кооптуу болушу мүмкүн.

Ушундай окуянын болгондугу тууралуу “Science Alert” басылмасы “BMJ Case Reports” медициналык журналына шилтеме берип жазган.

Магний сульфаты ичти алдыруучу дары болуп саналат. Ошондой эле магнезиянын организмдеги токсиндерге каршылыгы далилденбесе да, альтернативдүү медицинада организмди керексиз калдыктардан тазалоо үчүн да колдонулат.

Белгилүү болгондой, оорулуу эки жума бою күн сайын 50 грамм магнезия эритиндисин ичип турган. Ал өт жолдору кеңейип, организмдеги таштардын чыгышын жеңилдетет деп ойлогон. Дарылануунун 12чи күнү бейтаптын тамакка деген табити качып, заарасы карарып кеткен. Дарылануу курсы аяктагандан кийин эки күн өткөндө анын териси менен көзү саргарган.

Ошентсе да көпчүлүк адамдарда магнезиянын таасиринен кусуу жана ич өтүү, кан басымы төмөндөп, жүрөгү кысылып, дем алуусу тарыган сыяктуу белгилер байкалат. Дарыгерлер бейтап ооруканага жаткырылгандан кийин бир ай өткөндө гана боордун кызматы калыбына келе баштаганын айтышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!