Кекирүүдөн кантип кутулууга болот?

20-Окт. 2017, Жума, 11:30

Көптөгөн адамдарды кекирик (түшүнүктү тил менен айтканда ашказандагы газдын ооз көңдөйү аркылуу чыгышы) тынчсыздандырат. Ал эми анын себеби көбүнчө адам газдалган суусундуктарды ар дайым пайдалангандыктан, тамакты өтө тез жегендиктен, тамактанып жатканда сүйлөшүп, тамак менен кошо аба жуткандан болот. Ошону менен катар тамактын түрлөрү да таасир берет. Тагыраагы маш бурчак, нокут, капуста, ысык нан сыяктуу азыктардан даярдалган тамактар ичке желдин жыйналуусуна алып келет. Ушул тамактарды жегенден кийин ичтеги жел кээде ооз көңдөйүнөн чыгат. Бул жагдай кээде көпчүлүк бар жерлерде ыңгайсыздык жаратат. Сиздерге кекириктен кутулуунун жолдорун сунуштайбыз.

Кекирүүнүн башкы себеби ашказан менен кекиртектин ортосун бөлүп турган булчуң эт механизминин бузулушунан пайда болот. Эгер кекирик ар дайым тынчыңызды алса, анда милдеттүү түрдө дарыгерге көрүнүү кажет. Тез-тезден кайталанса ашказан же болбосо ичеги-карын жолдорунда жетишпестиктерден кабар берет.

• Ооздо кычкыл даам пайда болсо, анда кычкылдыгы жогору гастрит же ашказан жарасы ооруларынан;

• Ооз көңдөйүнөн жеген тамактар же ачуу саргыч суу чыкса, өт жолдорунун дартынан;

• Кекирген кезде ооз көңдөйүнөн ачуу какырык чыкса, анда ашказандагы коркунучтуу дарттан кабар берет.

Дарттан айыгуу үчүн:

• 1 стакан сууга 2 чай кашык алма сирке суусун куюп, тамактанганда бир жутумдан ичиңиз. 7-10 күндө натыйжасын бере баштайт.

• 100 гр клюква ширесине 100 гр алоэ ширеси, 1 чай кашык бал кошуп, 200 мл кайнаган сууга аралаштырыңыз. Муну 1 жума бою күнүнө 3 ирээт 1 кашыктан ичип отуруңуз. Дарылоо процедурасын бир айдан кийин улантыңыз.

Эчкинин сүтүн күнүнө 3 жолу жарым литрден ичип туруу кажет. 3 айдан кийин кекиректен таптакыр кутуласыз. Кээде бул учурдан да эрте айыгып кетүүңүз мүмкүн. Дарылоонун бул түрүнөн кийин кекирик кайра кайталанбайт.

Эгер кекирик ашказан дартынан пайда болсо, тамактанган соң сууга сода же магнезиядан чай кашыктын ¼ бөлүгүн кошуп ичүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!