Сасык тумоо үчүн элдик каражаттар

27-Окт. 2017, Жума, 11:12

Адам орточо эсеп менен бир жылда үч жолу сасык тумоого чалдыгат. Мурун бүтүү, жөтөл - сасык тумоонун негизги спутниктери. Бул оорудан айыгууга медицинадан сырткары элдик каражаттар да натыйжалуу жардам берет. Кайсы элдик каражаттар экенин төмөнкү макаладан билиңиз.


Алоэ. Алоэнин ширеси, бал жана винодон жасалган аралашма организмдин инфекциялык ооруларга болгон каршылыгын күчөтөт. Бул үчөөнү бирдей өлчөмдө кошуп, аралаштырып туруп 5-6 күн коюп коёсуз. Тамак алдында 1 чай кашыктан ичип турасыз.

Горчица порошогу. Горчицанын кургак порошогун байпагыңыздын ичине себелеп, кийип аласыз да, 2-3 күн чечпейсиз.

Лимон. Бир лимондун ширесин сыгып аласыз. Аны 800 мл кайнаган сууга кошуп, ушул эле сууга 100 грамм бал бошуп аралаштырасыз. Бул аралашманы бир күндүн ичинде ичип түгөтүшүңүз керек.

Пияз кошулган сүт. Бир стакан сүттү кайнатасыз. Бир баш орточо көлөмдөгү пиязды кыргычтын майда тишинен өткөрөсүз да, аны кайнап жаткан сүткө кошуп аралаштырасыз. 10 мүнөт тыныктырып, жылуу калыбында ичесиз.

Пияз. Сасык тумоонун биринчи белгилери байкала баштаганда бир баш пиязды кыргычтан өткөрүп, анын жытын 10-15 мүнөт жыттаңыз.

Малина, спирт. 1 стакан ысык чайга 1 чоң кашык жаңы малинаны же анын кыямын, 1 чоң кашык 70 градустук спирт кошуп аралаштырасыз. Бул аралашманы кичине-кичинеден ууртап ичесиз.

Малина. 4 чай кашык малинанын кургатылган жалбырагын же мөмөсүн 2 стакан кайнак сууга салып демдеп, аны бир нече саат термосто калтырасыз. Андан соң жылуу калыбында жарым стакандан күнүнө 4 жолу ичесиз.

Бал менен коньяк. 1 стакан ысык чайга 1 чоң кашык бал жана ушунча эле өлчөмдөгү коньяк кошуп жакшылап аралаштырасыз. Бул аралашманы кичинеден ууртап ичесиз.

Бал кошулган сүт. 1 стакан ысык сүткө 2 чоң кашык балды кошуп аралаштырып, бир күндүн ичинде 2-3 жолу ичесиз.

Бал менен сарымсак. Сарымсакты кыргычтын майда тишинен өткөрүп, теңме-тең кылып бал кошосуз. Күнүнө 1 чоң кашыктан 1-2 жолу жеп, артынан суу ичип аласыз.

Сүт менен сарымсак. Бир нече тишче сарымсакты майдалап, 1 стакан сүткө кошосуз да, кайнатасыз. Муздаган аралашманы бир күндө бир нече жолу 1 чай кашыктан ичип турасыз.

Сүт, жумуртка, бал, май. Жарым литр бир аз жылытылган чийки сүткө 1 даана чийки жумуртканы, 1 чай кашык балды жана ушунча өлчөмдөгү каймакмайды (сливочное масло) кошуп жакшылап аралаштырып, жатаарда ичип жатасыз. Эртең менен натыйжасын кадимкидей байкайсыз.

Кара карагат. Сасык тумоону айыктыруудагы натыйжалуу элдик каражат - кара карагат. Кышында карагаттын кургатылган жалбырактарынын маңызын пайдаланууга болот. 4 стакан сууга бир кочуш майдаланган жалбыракты салып 5 мүнөт катуу кайнатып, андан кийин жай отко 1-2 саат кайнатасыз. Бир аз шекер кошуп жатаарда 1 стакандан ичип турасыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!