Гемоглобинди көтөрүү үчүн

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 16:46

Кандагы гемоглобин (кызыл кан денечелери) азайса анемия келип чыгаары белгилүү. Ошондуктан, гемоглобин азайганда анардын, кивинин жана кагордун жардамы менен анын санын көтөрүүгө болот.

Ал үчүн орточо өлчөмдөгү анардын ширесин сыгып, ага кабыгынан тазаланып, майда тууралган киви менен 2 аш кашык кагордон (шаарп түрү) кошуп аралаштыруу кажет. Анан жарым саат тыныктырып алгандан кийин пайдаланса болот. Күнүгө 3 маал тамактанаардан бир саат мурун бир аш кашык менен ичүү керек. Дарылануу курсу бир ай. Анан 3 апта эс алып, курсту кайра кайталоо туура.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!