Түнү менен телефондон көз албагандар үчүн

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 13:34

Британиялык дарыгер смартфонду караңгыда колдонуу убактылуу көрүүдөн ажыратарын айтты. 22 жана 40 жаштагы эки айым көздөрү кээде 15 мүнөттөй көрбөй калып жаткандарын айтып кайрылышкан. Оорунун белгиси тууралуу “New England Journal of Medicine” журналына жарыяланган.

Мындай учурда бир көз жарыкка, экинчиси караңгыга үйрөнүп калат. Смартфонду өчүргөн кезде жарыкка көнүп калган көз бир аз караңгыны кабылдай албай калат. Убактылуу көрбөй калуунун себеби ушуга байланыштуу.

Көздүн ар түрдүү адаптациясынан келип чыккан ыңгайсыздыктан сактануу үчүн дарыгерлер караңгыда смартфонду таптакыр өчүрүп салып жатууга кеңеш беришет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!