Элдик медицинадан

11-Ноя. 2017, Ишемби, 14:09

Өпкөгө суук тийгенде ысык кумга шейшеп оронуп алып, күнүнө 20 мүнөттөн 5-10 маал жатуу керек.

1 стакан сууга 300 гр бал жана майда тууралган алоэнин бир жалбырагын салып, эки саат жай кайнатуу керек. Муздагандан кийин аралаштырып, салкын, муздак жерге сактайт. Күнүнө үч маал, 1 аш кашыктан ичүү пайдалуу.

Туздун дарылык касиети

Тамак ооруганда, өпкө, бронха инфекция болгондо туздун эритмесин марлиге сиңдирип алып моюнга, аркага тартса жакшы жардам берет.

Баш ооруганда же (давление) кан басымы көтөрүлгөндө 8-10% тузду (1 стакан суу, 2 чай кашык туз) ысытат да, марлиге сиңирип алып башка таңып коюңуз.

Таман үчүн жашылчадан жасалган компресс

Жайында биз көп учурда ачык бут кийим киебиз. Мындай учурда таманыңызга жашылчадан компресс жасап кам көрсөңүз болот. Мындай мамиле териңиздин жагымсыз абадан болгон бузулушун калыбына келтирет, тазалайт. Компрессти сөзсүз түрдө таза териге коюшуңуз керек.

50-100 мл жашылча же жер-жемиш ширесин (малина, кулпунай, шабдаалы) алыңыз. Ага эки тамчы өсүмдүк майын жана бир чай кашык ромашканын кайнатмасын кошуңуз. Баардыгын аралаштырып, бир мүнөт анча күчтүү эмес өткө коңсуз. Даярдаган аралашманы жылуу бойдон 20 мүнөт таманга сыйпап коюу жакшы жыйынтыгын берет.

Балдардын кант диабетин катип жоготобуз?

Ак тыт дарагынын гулдорунун кайнатып алып балага жаба куюуп натыйжасын берет.

Теридеги кычыткадан кантип кутулабыз?

1 кг арпага кобуроок суу куйуп кайнатат.Андан сон бул кайнатманы муздатып алып ,ооруулуга жаба куят.

500 гр техникалык спиртке 50гр салициллдик кислота кошуп ,даяр болгон аралашманы кебез менен бут денеге суртуп чыгуу керек.

Иммундук коргонуу анны жакшыртуу учун айына бир жолу жапалак кокомерендин (тимьян) кайнатмасы менен кирет.

Циститке жалбыздын пайдасы!

20 грамм жалбызды 1,5 литр сууга салып, анны кайнатыныз.Кайнаган соң даки менен тундуруп алып, тундурманы бир күндө бир маал ичиниз.

Кургатылган 1 аш кашык укропту 300 грамм кайнак сууга демдеп, 30 мүнөт тыныктырасыз. Дары сууну 3 маал тамактанаардан 30 мүнөт мурда 50 граммдан ичесиз. Дарылануу оору билинбей калгыча созулат.

Көзүнүз ооруса…

Жуулуп, кургаган бедеден 1 аш кашыктан алып, термоско салып, үстүнө 0,5 литр кайнак суу куюңуз. Муну түнү менен коюп, эртен менен сүзүп алыңыз. Бул тундурманы 100 граммдан, күнүгө үч-төрт маал тамактанардан 30 мүнөт мурун ичүүңүз абзел.

Ушул эле кайнатма менен көз, мурун, кулакты жууп, тамагыңызды чайкасаңыз болот.

Согончогуңуз жарылса…

25 грамм глицеринге 1 аш кашык арак, 1 аш кашык нашатырь спиртин кошуп , аралаштырыныз.Алынган дары майды жарылган жерге түнкүсүн жатаар алдында сыйпап, пахтадан токулган байак кийип жатууңуз зарыл. Дары майды жарылган жерге ашыкча колдонбоңуз.

Өткө суук тийгенде…

Өткө суук тийгенде күнүгө ач карын эки алмуруттан жасалган компотту ичип турса, абдан пайдалуу.

Кургатылып майдаланган чатыраштын тамырынан 1 чай кашык алып, 300 грамм кайнак сууга салып, 10 мүнөт жай отко кайнатуу зарыл.Күнүгө 4 маал 500 граммдан тамактан мурун кабыл алыңыз.

Жагымсыз жыттан арылгыныз келсе…

50 грамм эмен жалбырагына 0,5 литр суу куюп, 20 мүнөт кайнатасызда, муздагандан кийин баштапкы өлчөмүнө келгенче кайнатылган суу кошосуз. Тишиңизди тамак ичкенден кийин чайкап туруңуз.

Экзема кыйнаса…

Чычырканактын мөмөсүн сыгып, маңызын айнек идишке куюп, 1 күн тындырабыз да, анан үстүнөн чыккан майды кашык менен калпып алып , пипетка аркылуу чычырканактын майын тамызып , үстүнөн бинт менен таңыңыз. Бинтти 2 күндө бир алмаштырыңыз.

Аллергия болсоңуз…

Каакымдын жана төө жалбырактын тамырын казып,жууп-тазалап, көлөкөдө кургатууңуз керек.Анан анны майдалоо кажет.Ар биринен жарым кашыктан алып, үстүнө 300 грамм суу куюп, 10-12 саатка коюу керек.10 мүнөт кайнаткан соң оттон чыгарып, 15 мүнөт тыныктырыңыз.Дары суюктукту 3 маал тамактан 20 мүнөт мурун ичиңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!