Күйүктү дарылоо

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 10:01

Теридеги күйгөн жердин көлөмүнө карап медицинада күйүктү 4 түргө бөлүшөт.

I даражада тери кызарып калат. II даражада күйүктө териде ыйлаакчалар пайда болот. III даражадагы күйүктө териде жана анын тереңинде теринин некрозу пайда болот. VI даражада күйүк өтө эле коркунучтуу. Күйгөн жер анча коркунучтуу эмес болсо үй шартында кабыгы аарчылган жаңы картошканы туурагычтан өткөрүп алып, марлинин бетине жаап аны күйгөн жерге коюп таңып коюу керек.

Компресс ысып чыккандан кийин чечип, жаңысын койсо болот. Күйгөн териге чай да жакшы жардам берет. Кадимки же көк чайды ачуу демдеп, 10-15 градуска муздатып алгандан кийин күйгөн жерге сүртүп, бинт менен таңып коесуз. Бинт кургаган сайын, чайды үстүнөн куюп туруу зарыл. 10-12 күндөн кийин тери айыга баштайт. Жаңы тууралган ашкабак да күйгөн жерге жакшы пайда берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!