Сүт – дем алуу органына зыян

17-Ноя. 2017, Жума, 14:26

Кээ бир азыктар адамдын дем алуу органына терс таасир тийгизет. Сүт жана жумуртка сыяктуу тамактар-аштар тамак бездеринин шишик оорусуна алып келиши мүмкүн. Ал эми пияз, сарымсак сыяктуу жер-жемиштер бронханы алдын алат. Бета-каротинге бай жер-жемиштер, жашылчалар өпкөнү зыяндуу шишиктен коргошот.

Англия менен Уэльс өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, жашылча жана мөмө-жемиштерди жеп өскөн балдардын дем алуусунда эч кандай кемчилик байкалган эмес. Ал эми чучук, май сыяктуу эт азыктарын, тез даярдалуучу тамактарды жеп өскөн балдардын дем алууда кыйналгандыктары аныкталган.

Жөтөл
Жөтөл дем алуу органындагы микробдордун жандануусунан пайда болот. Жалпак тил менен айтканда бул учурда тамак кычышып, көкүрөк туш ачышат. Кээ бир тамактар жөтөлдү жойсо, кээ бири дем алуу органына зыян келтирет. Мисалы, жөтөл пайда болгондо пияз, бал, лимон жана А, С витаминдерин көбүрөөк жесеңиз, тез айыгасыз. Ал эми туз менен сүт азыктары микробдорду козгойт.
Көбүрөөк жеңиз:

Пияз, бал, лимон, А, С витаминдери.

Бронхит
1. Муколитикке бай жер-жемиштер шилекейдин көбүрөөк бөлүнүүшүнө таасир берет. Муколитик деген микробдорду чыгаруучу препарат (Мукалтин деген дары ушул препараттын кошулмасы менен жасалат). Бул препарат пияз менен редисканын курамында кездешет. Ширелүү пиязды жеп, терең дем алып, жөтөлгөндө кыйынчылыкка кабылбайсыз.

2. Кээ бир жемиштердин тамакты жибитүүчү касиети бар экенин баарыбыз эле биле бербейбиз. Курма, инжир сыяктуу жемиштер дем алуу органына тоскоолдук болуп турган какырыкты жоготууга жардам берет.
Көбүрөк жеңиз!
Пияз
Сарымсак
Порей пиязы
Мята
Кресс-салаты
Курма
Инжир
Бал
Астма
Астма – дем алуу учурунда тумчугуу. Көкүрөк тушунун кыркырап, жөтөл, какырык бөлүү, көкүрөктүн ачышуусу астманын белгиси. Туздуу тамактардан алыс болуу керек. Чаң-топурактан да алыс жүрүү абзел. Быштак, жаңгак сыяктуу тамактарды астма менен ооругандарга жегенге болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!