Кан басымды дарысыз түшүрүү жолдору

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 13:38

Жогорку артериялык кысым көп учурда диабет менен бирге жүрөт. Чама менен үч чоң адамдын экөөнүн диабет менен ооруусу, гипертония (кан басымдын жогорулашы) катары кездешет. Эки жагдайда да инфаркт, инсульт жана көз менен бөйрөк оорусуун болуу ыктымалын арттырат.

Кандагы кант деңгээли сыяктуу артериялык кысым да күнү бою термелип турат. Калыптуу көрсөткүч 120/80 mm/Hg, бирок, андан бир аз жогору болсо, коркуунун кажети жок. Гипертония – 140/90 көрсеткүчүнөн да жогорку басым. Эгер сиздин күнүмдүк артериялык басымыңыз жогору болсо, дарыгер дары жазып берүүдөн мурда сиздин өмүр сүрүү салтыңызды өзгөртүүнү сунуштайт. Төмөндө артериялык басымды төмөндөтүүнүн бир нече жолун көрсөтөбүз.


1. Туздун өлчөмүн азайтуу
Эгер адамдар күнүнө 1,5 г натрийден (3-4 г туз) ашык колдонбосо, жыл сайын артериялык басымы жогору адамдардын саны миллионго чейин азайтууга болоор эле.

2. Стрессти азайтуу
Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй стресстин деңгээлин азайтуу артериялык басымды да төмөндөтөт экен. Изилдөөлөрдүн натыйжасы боюнча, күнүнө 30 мүнөт тынчтандыруучу музыка угуунун өзү артериялык басымды түшүрүүгө жардам берет.

3. Ичимдикти токтотуу
Адамдар ичимдикти азайткан кезде алардын кан басымы төмөндөй баштайт. Эгер сиздин артериялык кысымыңыз жогору болуп, ичимдик ичкен болсоңуз, милдеттүү түрдө дарыгерге кайрылыңыз.

3. Калий өлчөмүн көбөйтүү
Диетологтардын сунушу боюнча, чоң адамдарга күнүнө 4 700 мг калий жана 2 300 мг натрий кабылдоору керек. Бирок адамдардын көпчүлүгү тескерисинче иш кылышат. Тагыраак айтканда, күнүнө калийге караганда эки эсе көп натрий колдонушат. Калий өлчөмү жогору азык-түлүктөрдү жеп туруу аркылуу басымды төмөндөтүүгө болот. Калийге бай азыктар соя бурчагы, консерваланган бурч помидор пастасы, шпинат, фасоль жана чечевица кирет.

5. Магнийди жеткиликтүү түрдө колдонуу
Магнийге бай тамактарды колдонуу кан басымды көзөмөлдөдө жакшы жардам берет. Организмдеги магнийдин аз болуушу инсультка алып келип согушу ыктымал. Курамында магний кездешкен азыктар бадам, жаңгак (фундук), шпинат жана сүттө кездешет.

6. Сүт тууралуу унутпоо
Кальцийге бай сүт жана башка сүт азыктары кан басымды түшүрүүдөгү таасиринин натыйжалуулугу далилденген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!