Альцгеймер оорусунун төрт белгиси

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 17:01

Азыркы убакта Альцгеймер оорусунун дарысы табыла элек. Абал кайгылуу, бирок үмүт бар. Оорулуунун белгилерин эрте аныктоо чоң роль ойнойт- өз убагында дарылоо бейтаптын жашоо-турмушун жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.

Эмнеге көңүл бөлүү керек экенин билүү өтө маанилүү болуп саналат. Альцгеймер дартынын эң айкын белгилери: эс тутумун жоготуу, убакыт менен мекен-жайга байланыштуу кыйындыктар, пландоодогу кыйынчылыктар, сөздөр менен жана пикирлерде келип чыккан көйгөйлөр. Мындан сырткары дагы билинбеген майда белгилери бар. Аларды байкаган кезде ооруну күчөтүп жибербөө керек.

Эгер жакын адамыңыздан бул белгилерди байкаган болсоңуз, анда аны дарыгерге жибериңиз.

1. Апатия

Оорунун алгачкы стадиясында адамдар коомдук иш-аракеттерден баш тарта алышат: киного баруу, достор менен тамактануу же болбосо неберелери менен оюн ойноо. Адамдын үйдөн алыстоодон же бир нерсени унутуп калуудан коркондугунан эмес.

Бул кайдыгерлик сезиминин өсүүсү. Кош жана жумшак психикалык бузулуулар – Альцгеймер дартынын прогрессивдүү өнүгүшү болуп саналат.

2. Өздүк гигиена же сырткы өзгөрүүлөр

Кээ бир Альцгеймер менен ооруган адамдар бир эле кийимди бир нече күн катары менен кийип же чачтарын тарабай коюшу ыктымал.

Эгер жакын адамыңыз үч күндөн бери жуунбай калса бул аны унутуп калганда эмес. Бул апатия. Адам өзүн-өзү кароого аз көңүл бөлүп, кийиминин бырыш же кир экенине маани бербей калат. Үй-бүлөдөгү камкордук негизги ролду аткарат.

3. Тынчсыздануу жана депрессия

Адам өзүнүн унутчаактыгын байкаган кезде, ал тынчсыздана баштайт. Андан улам көптөгөн суроолор жаралат: кайда баратам?, эмне кылып жатам?, качан кетем? деген. Гиппер көңүл бөлүүнүн артында унутчаактык катылган. Адам мунун баарын талкууланганын эстей албайт.

Депрессия менен Альцгеймер дартынын ортосунда ортосунда байланыш бар. Бирок, бул тармакта дагы көп изилдөө жүргүзүлүш керек.

4. Көрүү көйгөйлөрү

Адам көз дарыгеринен кеңеш алуу үчүн барышы мүмкүн. Бирок, иш жүзүндө визуалдуу оңдоо маселеси болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Мээнин арткы бөлүгү Альцгеймер оорусунун кесепетинен начарлайт.

Жыт сезүү же угуу көйгөйлөрү да катталышы мүмкүн. Бирок алар ошондой эле деменциянын башка белгилери да болушу ыктымал.

Бул белгилерди эртерек аныктоо өтө маанилүү. Өзүңүзгө жана жакын адамдарыңызга камкор болуңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!