Авитаминоз менен күрөшүү

27-02-2017

Суук, аяздуу аба ырайы артта калып, жаз жакындаган сайын жылуу күндөргө алып келет. Жазды күтүп кубанганыбыз менен бул убакта адамды алсыздык басып авитаминоз пайда болот.

Авитаминоз - бул организмге витаминдердин жетишпестигинен келип чыккан кеңири тараган оору. Жаз келгенде адам тез чарчап, уйку сурап, депрессияга тез берилип, кээде чач түшүп, эриндер кургап жарылат. Мына ушундай жагдайда авитоминоз оорусу келип чыгат. Авитоминоз менен кантип күрөшүүгө жана алдын алууга болот?

Витаминдерди кабыл алуу

Авитаминозду алдын-алуу үчүн суткасына үч жолудан кем эмес витаминдердин топтомдорун кабыл алып туруу керек. А, Д, Е витаминдеринен башка витаминдер организмде запаста болбойт. Башкача айтканда, организм витаминдердин ошол учурда өзүнө керектүү "дозасын" алып калат. Ашыкчалары заара менен кошо чыгып кетет, а витаминдерге болгон талап күнү-түнү пайда боло берет.

Туура тамактануу

Курамында витаминдерге бай тамак аштарды тандап жеңиз. Мисалы, С витамини жеткиликтүү деңгээлде кабыл алуу үчүн күнүнө 25 стакан таза алма ширесин же болбосо 4 стакан апельсин, шабдалы ширесин ичүү керек. Ал эми организмиңизге В1 витамини жетишпесе күн сайын бир килограмм кара нан менен жарты килограмм майсыз эт жеген жакшы.

Кальцийдин жетишпестигин жоюу үчүн күн сайын 1,5 литр сүт ичүү керек же 300 грамм быштак жеңиз. Эң жакшы вариант жашылчалардан баштаганыңыз оң. Ошону менен бирге сатып алууда чөнтөгүңүзгө оорчулук алып келбейт.

Пияздын қурамында темир, калий башка да микроэлементтер бар. Дарыгерлер ай сайын тамакка 600-700 грамм пияз кошуу керек деген кеңеш берип келишет.

Сабиз - эң пайдалуу жашылча. Анын курамында В1, В2, В6, С, Е, РР, К витаминдери менен бирге минералдык туз да бар. Сабиз көздүн көрүүсүн жакшыртып, теринин жакшыруусуна таасир бере алат.

Кызылчаны да көбүрөөк жеңиз. Ал чарчоону басып, депрессиядан куткараарын көпчүлүк биле бербейт. Авитаминоздун белгилери билине баштагандан тартып дарыгердин кеңешисиз жашылча жемиштерди жей берүүгө да болбойт.

Капсуладагы, таблетка түрүндөгү витаминдер жашылча-жемиштердеги "тирүү" витаминдерге караганда биздин организмге жай сиңет.

Каакымда, чалканда, бадыраңдын жалбырагында өтө көп витаминдер жана микроэлементтер бар. Буларды азыктарга жайында эле колдонбой, туздап же кургатып коюп кышында пайдаланууга болот.

Жогорку температурада жашылча-жемиштерде кайра иштетүүдө А, Д жана Е витаминдери гана сакталып, калгандары бузулат. Бир гана малинанын пайдалуу касиеттери жогорку температурадан да бузулбайт.

Ашыкча салмактан жапа чегип жүргөндөргө В, РР жана С витаминдерин көбүрөөк пайдалануу сунуш кылынат. Анткени, алар зат алмашууну тездетип, салмакты түшүрүүгө жөндөмдүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!