Күнүнө үч курма жегендин пайдасы

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:56

Бир катар элдер үчун курма касиеттүү жемиш болуп саналат. Бул жемиштин эки-үч даанасынын өзү организмге өтө пайдалуу. Күнүнө 3 курма жеп гана организмди керектүү микроэлементтер менен камсыз кылууга болот.

Дарыгерлер, керек болсо, таттуу жана зыяндуу конфеттерди курма менен алмаштырууга кеңеш беришет.

Мындан улам курма эмнеси менен пайдалуу деген суроо туулат?

Калыптуу жүрөк жумушу

Курманын курамында калийдин өлчөмү өтө көп. Ал жүрөктүн калыптуу жумуш иштөөсүн камсыз кылат. Бул өз кезегинде жүрөк оорулары менен талмасын алдын алат.

Боордун чың болушу

Курмалар боорду токсиндерден тазалоого жардам берет. Ошондой эле, цирроздун пайда болуу коркунучун төмөндөтөт. Боор фиброзу симптомдорун жеңилдетет.

Көздүн көрүүсүн жакшыртат

Курма көз жанарынын көрүү жөндөмүн жакшыртууга, керек болсо, сабизден да пайдалуу. Себеби, курамында А витамининин кору мол.

Сергектик

Эгер өзүңүздү сергек жана кубаттуу сезгиңиз келсе курма жеп туруңуз. Бар болгону 3 курма жесеңиз бир күнгө жетерлик энергия аласыз.

Тамак-аш сиңирүү

Курма — бул ашказан функциясы бузулган кезде тамак сиңирүүдө таптыргыс азык. Аны ашказан-ичеги жолунун оорулары, ал тургай, ашказан рак профилактикасы үчүн пайдалануу кажет.

Афродизиак

Араб аялдары көптөгөн кылымдардан бери афродизиак катары курманы колдонушат. Мөмө жемишин ун сыяктуу майдалап, күйөөлөрүнүн кофесине кошушат. Бул өсүмдүктүн курамында эркектерди күчүн артыруучу турлүү амин кычкылдары бар.

Чач менен теринин сулуулугуна

Чач сынып жатса, тери кургаса, бырыш эрте пайда болсо курма жеш керек. Аны косметикалык маскалардын курамына кошууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!