Рактын алдын алсаңыз болот

24-Ноя. 2017, Жума, 16:36

Тузду азыраак колдонуп, балыкты көбүрөөк жеңиз!

Жоон ичегинин, ашказандын жана эмчек рагы менен ооругандардын жарымында алардын алдын алууга мүмкүн болгондугун окумуштуулар далилдеген. Бул үчүн мөмө-жемиштерге бай келген диетаны физкультура менен айкалыштыруу жетиштүү. Туздун тамак-ашка колдонуудагы кадимки өлчөмү рактын пайда болуусун 78 пайызга көбөйтөт. Диетологдор тарабынан белгиленген күнүмдүк нормасы 6 грамм болсо, биз 9-12 грамм туз жейт экенбиз.

Колбаса, ышталган эт сыяктуу даяр азыктарды колдонуудан качыңыз. Жумасына эки жолу балык этин жегенге аракет кылыңыз. Кээ бир өнүккөн өлкөлөрдө бул боюнча жумасына бир, эки порция майлуу балык (форель, сардина, лосось) жана бир порция ак балык (м: пикша же камбала) колдонуу керектиги тууралуу атайы өкмөттүк сунуштар киргизилет экен.

Күнүгө жашылча жана жемиштердин беш порциясын колдонуңуз. «Беш порция» эрежеси оору коркунучун 20 пайызга темөндөтөт.

Кофе ичиңиз!

Кофени эч нерсеге карабай көп ичиңиз. Кофе антиоксиданттарга бай экеңдиги тууралуу Калифорниянын Дейвис университети ачылыш жасаган. Даярдалган 150 грамм кофеде 3 апельсинде боло турган бардык пайдалуу заттар бар. Күнүнө 1 стакан кофе ичип туруу жоон ичегинин рагынын пайда болуу коркунучун азайтат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму күнүнө 300 миллиграмм кофе ичүүнү сунуштайт. Экспрессо жана каппучинодо болжол менен 100 мг, 1 стакан тез даярдалуучу кофеде 85 мг. кофеин болот. Ал эми күнүнө 600-750 мг кофе ичүү жүрөктүн согуусун тездетип, тердетет, алды кетирет жана уйкуну качырат. Демек, сак болуңуз!

Суу – эң сонун дары!

Күнүнө 8 стакандан суу ичкен адамда табарсык рагына кабылуу коркунучу 80 пайызга азаят. Көпчүлүк адамдар күнүнө 4 стакаңдан ашык иче алышпайт, мындайда иштеп жаткан столуңузга дайыма суу коюп коюңуз же болбосо маши-

нада суу алып жүрсөңүз акырындап сууну көбүрөөк ичүүгө да көнүп кетесиз. Эгерде сизге суунун даамы жакпаса лимон кошуп коюңуз. Сууну көк чай, мөмө ширеси (90 пайызы суу) жана сүт (87 пайыз) | менен да алмаштырсаңыз болот.

Ал эми спорт менен машыккаңдар өзүнүн диетасына 1 же 3 стакан суу кошуп койсо болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!