Ашказан жарасы кыйнаган учурда

25-Ноя. 2017, Ишемби, 12:17

Жуулуп-тазаланган картошканы тузсуз сууга эзилгенче кайнатасыз. Суусун төгүп салып, картошканы күнүнө 3 жолудан 1 чай кашыктан жеп турушуңуз керек.

Алгачкы 10 күндүктө чычырканактын майын күнүнө 1 чай кашыктан 3 маал ичип турушуңуз керек. Андан кийин бал, каймак, какао порошогун жана жумуртканы аралаштырып, күндө 3 маал ичип турасыз.

Бака жалбырактын кургатылганын, же болбосо жаңысын 1 литр кайнак сууга салып, ал идиштин оозун жаап коюуңуз керек. Бир сааттан кийин даяр болгон суюктукту нормасы жок иче бересиз.

Эртең менен ачкарын алоэ гүлүнүн ширесин тамак ичээрге 20 мүнөт калганда соруп жүрүшүңүз абзел. Алоэ гүлүн чайнап, ширесин жутуп, ширеси калбай калганда таштап салсаңыз болот. Мындай ыкманы 3 ай токтотпостон кайталап турушуңуз керек. Андан кийин бир айга эс алып, кайра процедураны улантсаңыз болот.

Картошканын жаңы сыгылган жарым стакан ширесине бир чоң кашык балды аралаштырып, күнүнө 2-3 маал ичсеңиз пайдалуу. Мөөнөтү 10 күнгө созулат. Андан соң 10 күн эс аласыз. Эскерте кетсек, февраль айынан кийинки картошканы пайдаланууга болбойт. Анткени бул айларда картошка өзүнүн дарылык касиетин жоготуп, эскирип калат.

Бир стакан жуулуп-тазаланган сулунун данын 1 литр сууга салып, 10-12 саат коюп, 30 мүнөт жай кайнатасыз. Капкагы жабык болушу керек. Кайнатып бүткөндөн кийин дагы 12 саатка коюп коёсуз. Убакыт өткөндөн кийин суудагы дандарды алып салып, калган сууну мурунку деңгээлге жеткириш үчүн, керектүү өлчөмдөгү дистирленген сууну куясыз. Муну күнүнө ачкарын, 3 маал 100-150 граммдан бир ай ичип жүрүшүңүз зарыл.

Тооктун бөтөгөсүнүн ички сары чел кабыкчасын сыйрып алып кургатасыз, кийин аны майдалап порошок кыласыз. Анан бир чай кашык ала гүлдүн (шиповник) мөмөсүнөн жасалган компотко (1 стакан кайнак сууга салып 10 мүнөт кайнатасыз), салып аралаштырасыз да, күнүнө эки ирет тамак ичээрге жакын калганда ичип жүрөсүз.

Ачуу салынган көк чайды күнүгө ичип жүрүүңүз зарыл.

Күнүгө жатаарда 1 стакан кефирди 1 чоң кашык өсүмдүк майына аралаштырып ичсеңиз, жакшы натыйжасын берет. Дарылануу мөөнөтү бир жарым, эки ай.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!