Баш ооруну дарысыз эмдөөнүн 8 ыкмасы

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 14:32

Баш оорунунун түрдүү себептери бар: каттуу ачууланса, туура уктабаса, стресс, туура эмес тамактануу, компьютердин алдында узак отуруу. Андай учурларда дарыгерге чуркабай эле, табигый жол менен баш ооруну кандай басууга болот? Ал үчүн төмөндөгү кеңештерге кулак салыңыз.

1. Башыңыздын ооруганын сезсеңиз дароо таза бир стакан суу ичип алыңыз.

2. Башка, моюнга, кулактын учтарына массаж жасаңыз.

3. Лимон же болбосо бал кошулган жылуу суу ичиңиз.

4. Жалбыз кошулган көк чай ичиңиз.

5. Имбирден даярдалган чайды күнүнө 3-4 жолу ичсеңиз, баш оорудан таптакыр арыласыз.

6. Эртең менен башыңыздын ооруганын сезсеңиз, бир алма жеп алыңыз.

7. Бадам (миндаль) да баш ооруну тез басат.

8. Бир аш кашык кургатылган жалбыздын үстүнө кайнаган суу куюп, бетин жаап, 10 мүнөттөн кийин ичиңиз. Ачуу десеңиз, ага бал кошсоңуз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!