Жүзүбүз – ден соолугубуздун күзгүсү

28-Ноя. 2017, Шейшемби, 09:53

Бетиңиздин түсүнүн өзгөрүүсү, издердин калуусу ден-соолугуңузга байланыштуу белгилерден кабар берет. Аз кандуулукту эринден, кант диабетин каштан, бөйрөк оорусун көздөн билсек болот. Адистер, беттеги өзгөрүүлөрдү изилдөө үчүн атайын «Беш күзгү» деп аталган жаңы тармакты түзүшкөн. Бул ыкма менен жүздөгү өзгөрүүлөрдү изилдешет. Жүзүбүздөгү шишик, теринин түсүнүн өзгөрүүсү, ал тургай жүзгө эрте түшкөн бырыштар организмдин бир ооруга дуушар болгонун аныктайт.

Ооздун айланасын карап ашказан, боор ооруларын, ал эми эринден тамак сиңирүү органдарынын иштөө системасынын бузулуусун жана сокур ичегинин белгилерин алдын ала аныкташат. Кубарган эрин аз кандуулуктун белгиси. Эриндин ортосунда терең кызыл сызык антибиотикти көп колдонгондуктун белгиси. Эгер боор ооруган болсо, алдыңкы эриндин астындагы тери кубарып, кургап кетет.

Маңдайдагы бырыш – омуртка, сөөктүн ооруганына байланыштуу. Эгер омуртка, баш жана далыңыз ооруса, маңдайыңызда жогорудан ылдый кеткен бырыш пайда болот. Ал эми каштын суюлушу кант диабетинен кабар берет.

Көздүн айланасы шишип, же асты кызыл-көк түстө болсо, бөйрөктүн ооруганын көрсөтүп, анын иштөө системасынын начарлашын билдирет. Эгер күрөң түстө болсо, анда оору боорго байланыштуу.

Мурдубуз өпкө, жүрөк жана кекиртектин иштөө системаларына байланыштуу оорулардан кабар берет. Ошондой эле мурундун кызаруусу, жатын оорулары, суук тийүү жана грипптин башталышы да болушу мүмкүн. Ал эми мурундун эки жагынан оозго карай түшкөн кызыл сызыктар, кан алмашуунун бузулганын кабарлайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!