Беш мүнөттө стресстен арылуунун жолу

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:38

Азыр сиздин тынчыңыз качып, бир нерселерге алаңдап, маанайыңыз жокпу? Же болбосо күнүмдүк бүтпөгөн тиричилик, жагымсыз шарттар нервиңизди жукартуудабы?

Оюңузду тазалаңыз!

Бир саамга токтоңуз! Тынчталыңыз да өзүңүздү түшүнүп, ушуга алып келген жагдайды ойлоп, ага талдоо жасаган оң. Эми баардыгын мээңизден чыгарып таштап, жаман ойдон тазалаңыз!

Сейилдеп келиңиз!

Убактыңыз канчалык тыгыз болсо да сейилдеп келиңиз. 5 мүнөт убакыт аз десеңиз да бул убакыт аралыгында мээ сергип оюңуз жыйнакталат.

Күлүңүз!

Моюндагы, ийиндеги жана бет булчуң эттери адамдын маанайына таасир берет. Адам жөн гана жылмайган учурда булчуң эттер бошондоп, көңүлүңүз ордуна келет.

Комедия, күлкүлүү видеолор көрүп дем алганга эмне жетсин!

Китеп окуңуз!

Жакшы китеп жанга жайлуулук сыйлайт. Жан тынчтыгы үчүн романтика же болбосо фантастика жанрындагы китеп окуңуз. Анын кызыгына батып, бар оюңуз китептин ичинде болот.

Чөп чай ичиңиз!

Стесске кабылсаңыз кофеин жардам бербейт. Ал эми чөп чайдын таасири мол, өзгөчө тынчтандыруучу чөп чай бир ичип бир саамга эс алып алганыңыз туура.

Терең дем алыңыз!

Терең дем алып, жан дүйнөңуздөгү болгон жаман нерселерди чыгарып таштоого тырышыңыз. Көнүгүүнү 2-3 ирет кайталаганыңыз оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!