Иммунитетиңиз күчтүүбү?

1-Дек. 2017, Жума, 14:53

Кыш мезгилинде башка учурларга караганда сасык тумоо менен көбүрөөк ооруйбуз. Ким көп ооруса, демек, анын иммунитети төмөн. Сиздики кандай? Муну билиш үчүн төмөнкү суроолорго жооп берип, жыйынтыгын чыгарыңыз.

1. Сасык тумоо менен көп ооруйсузбу?

А) жылына 1-2 жолу -0

Б) 3-4 жолу- 2

В) 5 же андан көп жолу -4

2. Сасык тумоонун алгачкы белгилери байкала баштаганда эле поликлиникага кайрыласызбы?

А) ооба, жумушумдан уруксат сурап, толук сакайганча үйдөн чыкпайм - 0

Б) өз алдымча дарыланам. Ал эми дарыгерге такыр болбой калганда гана барам-2

В) сасык тумоо менен ооруп жаткан учурда деле жумушума калбай барып, көчөдө жүрө берем - 4

3. Өнөкөт ооруларыңыз барбы?

А) жок - 0

Б) бар, бирок күч албайт - 2

В) бар, тез-тез кармап, күч алып кетет - 4

4. Тамеки чегесизби?

А) жок-0

Б) кээде - 2

В) ооба -4

5. Майлуу, куурулган тамактарды көп жейсизби?

А) азыраак жеп, туура тамактанууга аракет кылам-0

Б) кээде болот - 2

В) ооба, көп жейм-4

6. Сизде ашыкча салмак барбы?

А) жок-0

Б) ооба, 6-7 килограмм ашыкча салмагым бар-2

В) 7 килограммдан көп ашыкча салмагым бар- 4

7. Спорт менен машыгып, көп кыймылдап, таза абага чыгып сейилдейсизби?

А) ооба, сөзсүз түрдө-0

Б) мүмкүнчүлүккө жараша-2

В) кээде эле, убактым жетишпейт-4

8. Чарчоону, уйкусуроону, алсыздыкты көп сезесизби?

А) чанда эле-0

Б) мындай учурлар болот -2

В) тез-тез болуп турат -4

9. Кечке чейин жумушуңузда отура бересизби?

А) чанда эле -0

Б) мындай учурлар болот-2

В) акыркы убактарда такай ушундай болуп жатат-4

10. Сиздин жашыңыз 50дөн ашканбы?

А) жок

Б) жакындап калды-2

В) ооба-4

0-8 упай

Сизге суктанууга болот, анткени иммундук системаңыз эң сонун иштейт! Эгер ушундай жашоо образын мындан ары да кармасаңыз чың ден соолукта узак жашайсыз.

10-12 упай

Сиздин иммунитетиңизди күчтүү деп айтууга болбойт. Организмдин вирус менен инфекцияларга туруктуулугун көтөрүү үчүн тезинен ишке киришиңиз. Тамактануу режимиңизди дагы бир жолу көзөмөлдөп, рационуңузга жашылча-жемиштерди, балык жана башка витаминдүү азыктарды кошуңуз.Спорт менен машыгыңыз. Күн сайын эртең менен ысык-муздак душ кабыл алууну унутпаңыз.

24 жана андан ашык упай

Организмдин коргоочу күчү таптакыр алсызданган. Сиз өзүңүздү карабайт экенсиз. Зыяндуу адаттардан арылыңыз, тамак-ашыңызга көңүл буруңуз, көбүрөөк кыймылдаңыз. Мындан тышкары, сөзсүз түрдө врачка кайрылып, анын көзөмөлүнөн өтүңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!