Рак дартына чалдыкпоонун негизги жолдору кандай?

2-Дек. 2017, Ишемби, 11:16

Зыяндуу шишик менен ооругандардын көпчүлүгүнүн өз өмүрүнө коркунуч алып келген жагымсыз адаттары болот. Америка онкологиялык коом адистери ушундай жыйынтыкка келип отурушат. Бул жөнүндө “lenta.ru” басылмасы “Zmescience” сайтына шилтеме берип маалымдады.

Адистер Улттук рак институты менен АКШнын ооруларды алын алуу жана көзөмөл жүргүзүү борбору сунуштаган маалыматтарды талдады. Изилдөөдө көрсөткөндөй зыяндуу шишикке негизинен активдүү жана пассивдүү чылым чегүү, ичимдик ичүү, эт жеген, семиздик жана физикалык кыймылдын жоктугу себеп болоорун көрсөткөн.

Анын ичинде чылым чегүү ракка чалдыгуунун негизги себепчиси болуп чыкты. Рак менен ооругандардын 19 пайызы чылым чегүүдөн болот. Ал эми ашыкча салмактан жапа чеккендердин 6,5 пайызы зыяндуу шишикке кабылышат. Тери рагынын басымдуу бөлүгү күнгө күйүүдөн болот.

“ACS” адистеринин айтуусу боюнча, зыяндуу адаттардан арылуу, туура тамактануу, физикалык көнүгүүлөрдү жасоо аркылуу рак дартын бир кыйла төмөндөтүүгө болот. Муну менен катар ооруну алдын алууга туруктуу түрдө скрининг жасап туру да жардам берет.

Буга чейин Дүйнө жүзүнүн ден соолукту сакто уюмунуна караштуу Зыяндуу шишикти изилдөө агенттигинин адистери ышталган, какталган эт азыктары ичеги рак коркунучун күчөйтөрүн билдиришкен. Анын ичинде колбаса менен сосиска эң кооптуу азыктар деп аталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!