Жазгы аллергия

03-03-2017

Жаз келген маалда чүчкүртүп-бышкыртып, көздөн жаш актырып, дене кычыштырган аллергияны көбүбүз эле билсек керек. Адатта эрте гүлдөгөн чөптөр жана дарактар айтылуу аллергия оорусу менен жапа чеккендерге өзүнчө бир түйшүк жаратат.

Илгери аллергия сейрек кездешкен болсо, азыркы убакта көп тараган оорулардын бири. Орточо эсеп менен ар бир үчүнчү адам аллергиянын запкысын чегет. Жалпылап айтканда аллергия организмдин бөтөн заттарга сезимталдыгынан пайда болгон оору. Эгер адам организми иммунитет төмөн болсо, сезгич болуп, абанын, күндүн, чаң, кир, өсүмдүктөр, тамак-аштар, дары дармектердин денеге терс таасир берүүсүнөн аллергия пайда болот. Өзгөчө жаз мезгилинде - гүл, чөп, бак –дарактардын чаңдашуусунан келип чыккан аллергиялар өтө көп кездешет.

Медицинада аллергиянын бул түрү жаз айларынан күзгө чейин созулгандыктан “мезгилдик поллиноз” деп аталат.

Белгилери:

Аллергияга кабылган бейтап:

- чүчкүрүп,

- мурун бүтүп,

- териге кызыл бүдүрлөр пайда болуп,

- жөтөлүп,

- сасык тумоолоп,

- көздөн жаш агып,

- көздүн тегереги карарып жана башка белгилери байкалат.

Пайда болуу себептери:

Жаз мезгилинде аллергия болуунун себептери эмнеден? Негизги себеби. Чаңдар мурун ичине кирип, иммундук система аны жат бир зат катары кабыл алат. Эгер зат жат нерсе болсо-анда ага каршы антитело иштеп чыгат. Ал вирус, бактерия жана башка микробдорго таасир эткендей таасир берет.

Аллергиянын пайда болуусуна эки фактор таасир берет. Биринчиси, эгер ата-энесинин бири мурун аллергия менен ооруган болсо. Тактап айтсак эгер баланын атасы мурун аллергиялык оору менен оруган болсо анда бала 80 пайыз , ал эми энеси ооруган болсо 50 пайызга болушу ыктымал. Ошондуктан кош бойлуу мезгилде аллергияга кабылбай, цитрус жемиштеринен баш тартып, аллергологдорго текшерүлүүсү керек.

Экинчиси сырткы факторлордон улам келип чыгат. Аллерген организмге алгач түшкөн учурда иммунитетке таасир берип, андан улам ошол аллергенге сезимталдык күчөйт. Кийин бул аллергендин кайталануусунан улам аллергия оорусу пайда болот. Кеңири тараган аллергиялык түрлөр: бронх астма, анафилакциялык шок (к. Анафилаксия), поллиноздор, бөрү жатыш, дерматиттер, кан сары суу оорусу ж.б. кирет.

Эмне кылуу керек?

Медицина өнүккөн заманда аллергияны эмдөөнүн түрлөрү изилденип келет. Аллергия жаш тандабайт. Козголгон аллергиянын реакциялык күчү да ар түрдүү болот. Аларга алергендердин түрү менен көлөмү маанилүү эмес. Мезгилдик поллиноз оорусуна кабылгандар көбүнчө ооруну бир басып, кыска убакытка гана айыгып калуу жолун издешет. Ошондуктан бул оору менен кышкы убакта күрөшкөн оң.

Адамдардын көбү бул ооруга кайдан кабылганын түшунбөй, вирустук инфекция деп ойлошот. Туура аныктабай, убакытты созуп жүрүп бейтаптын аллергиясы астмага айланып кетиши мүмкүн. Андан кутулуу үчүн чыдамдуулук жана көп каражат талап кылат. Анткени дарыканаларда сатылган аллергияга каршы дарылар өтө кымбат. Ошону менен бирге бул дарылар жардам бербеши да мумкүн.

Балдарды аллергиядан кантип коргойбуз?

Тилекке каршы бүгүнкү күндө, өзгөчө балдар арасында бул оору күч алууда. Ата-энелер арасында баласын дарыгерге көрсөтпөй үй шартында эмдеп, аллергиянын эмне экенин билбегендер да бар. Негизги эмдөө чараларынын баардыгы ооруканаларда жана аллергологдордун көзөмөлүндө өтөт.

Ошондой эле балдардын тамак-аш, суу ичүүсүнө өзгөчө маани берүү зарыл. Эгер бала ооруп калган болсо убактылуу жардам берген күчтүү гормоналдык дарыларга көнүп, акыр-аягы, дары таасир бербей калат.

Алдын алуу үчүн:

Жогоруда айтылгандай аллергия менен ооруган адам негизгиси жашылча жемиштер менен цитруска чектөө коюу керек. Андан сырткары шоколад, кофе, какао, кант, туздалган кытырак нандар (чипсы, кириешки) жана деңиз балыктары аллергияны күчөтөт. Суу, сүт азыктарын жана капустаны кунүмдүк рационго кошуп койсо жакшы. Аллергиядан зыян чеккен адамдар күн сайын жеген тамактарынын тизмектеп, эмне жакпайт аны да жазып алусуу кажет. Мисалы, күнүнө бир грамм С витаминин кабылдоо, өзгөчө бейтап жаткан бөлмөнү желдетүү. Мындан сырткары бейтап жаткан бөлмөдө килем, палас, жумшак оюнчуктар болбогону жакшы.

Чөптөн жана тамакка гана эмес, курт-кумурскалар чаккан маалда да аллергия болот. Эгер мындай убакта өзүңүздө бетиңиз кызарып, териңиз кургап, мурундан суу куюлуп, көздөн жаш акса анда тез арада дарыгерге көрүнүңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!