​Сасык тумоо боюнча абал туруктуу

25-01-2017

Кыргызстанда курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциялык оорулар (КРВИ) жана сасык тумоо боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө. Учурда эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда сасык тумоо илдети 5 пайызга гана өскөнү байкалган.

“Республика боюнча 9-15-январга чейин КРВИ жана сасык тумоо менен 7479 жаран медициналык жардам сурап кайрылышса, ал эми 16-22-январга карата 7 860 бейтап кайрылган. Аймактарды Ысык-Көл облусунда 69%, Баткен облусунда 48%, Чүй облусунда 29,4% өскөнү байкалган”,-деди ведомстводон.

Учурда эпидемиялык абал мектептерде, бала бакчаларды көзөмөлгө алынууда.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!