Сасык тумоодон айыгыңыз

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:38

Дарыгер Евгений Комаровский өз ишинин адиси экенин баарыбыз билебиз. Ошого байланыштуу Комаровский сасык тумоодон айыгуунун жолдорун сунуштады.

Сасык тумоонун түрү көп. Ал эми башкысы анын аба аркылуу жугарын унутпоо кажет. Тумоодон кантип эмделген жөн? Эгер дене табы көтөрүлсө, эмне кылуу керек?

Комаровскийдин кеңештери

Сасык тумоону алдын алуу:

Эгер тумоого каршы эмдөө алууга мүмкүн болсо, аны милдеттүү түрдө алуу керек. Бул бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү. Бир үй-бүлө мүчөсүнөн бирөө гана эмдөө алып «Эми кышы бою оорубаймын” деп айткан бекер иш. Анткени жанындагылар ооруса, анын да тумоо вирусун жуктуруп алуу кооптулугу жогору.

Вируска каршы профилактикалык каражаттардын эч бири жардам бербейт. Пияз менен сарымсак да, чөптөрдүн тунмасы менен түрдүү таблеткалар да тумоодон айыгууга эч пайдасы тийбейт. Булардын баардыгы – болгону нервти тынчтандыруу амалдары.

Вирусту таратуучу – адам. Ошондуктан адам (тегерегинде) канчалык көп болсо, сасык тумоону жуктуру коркунучу да ошончолук жогору. Карантин – эпидемия менен күрөшүүнүн эң пайдалуу жолу.

Сасык тумоо жуктурган адам башкаларга вирус таратпоо үчүн медициналык бет кап тагуусу керек. Жөтөлгөн кезде оорулуунун түкүрүк тамчылары абага учпай, бет капта калат. Ушундайча вирустун таралышына бөгөт коюлат.

Колду дезинфекциялоочу каражаттар менен тез-тезден жууп туруу зарыл. Эгер жууганга мүмкүндүк болбосо, колду ар дайым нымдуу сүлгү менен сүртүп туган оң.

Эпидемия кезинде кол алышып саламдашуунун кажети жок. Ошондой эле кагаз акча менен да вирустун тараларын эстен чыгарбай, мүмкүн болсо картаны колдонгон жөн.

Эпидемия маалында таза абада сейилдөөнүн зыяны жок. Болгону адам көп топтолгон жерге барбай туруңуз.

Суук күндөрү үйдү каттуу жылытып, вирустардын андан ары таралуусуна жагдай жасоого болбойт. Бөлмө температурасы бир калыпта болушу зарыл, чама менен 20°С, ал эми нымдуулук 50–70 пайыз болуш керек. Ар дайым полду нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, эмеректердин чаңын тазалап турганы жакшы.

Ар бир вируска каршы туруу үчүн мурун куушунун кургап кетпөөсү маанилүү. Мурунга атайы тамчыларды тамызып турууга болот. Аларды дарыканадан сатып алыңыз же болбосо өзүңүз даярдасаңыз болот. Ал үчүн чай кашык тузду бир литр кайнаган сууга эритип, идишке куюп коюңуз. Ошол суу менен бат-баттан мурун куушун чайкап турган оң.

Тумоону эмдөө

Жылуу кийинүү керек, бирок бөлмөдө 20°С калыптуу температура менен 50–70 пайыз нымдуулукту кармоо зарыл.

Ооруп, алсырап отурган адамды күчтөп тамактандыруга болбойт. Ошентсе да, суюктукту көбүрөөк ичкени жөн.

Мурун куушун ар дайым тузду суу менен чайкоо кажет

Эгер дене табы көтөрүлсө, парацетамол менен ибупрофен бериңиз. Аспиринге жолобоңуз.

Вирустуу инфекциялар антибиотиктер менен эмделбейт. Булар сасык тумоодон айыгууга эмес, тескерисинче анын күчөп кетүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Мукалтин же Лазолван сыяктуу какырык суюлтуучу дарыларды дарыгердин уруксатысыз кабылдоого болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!