Организмди күрүч менен тазалоо

5-Дек. 2017, Шейшемби, 15:11

Организмди тазалоо – ден соолукту сактоонун эң жакшы ыкмасы. Тазалоонун кол жетимдүү ыкмасынын бири – күрүч менен тазалоо.

Аны жылына 1-2 ирет эки жумадан бир айга чейинки убакытта жасоо керек. Натыйжасы бир нече күндүн ичинде байкалат. Тулку-боюңуз жеңилдеп, маанайыңыз көтөрүлөт. Зат алмашуу, боор менен бөйрөктүн ишин жакшыртат, муундарды, тамырларды, теринин өңүн тазалайт. Ашыкча салмактан да аз-аздан кутулуасыз.

Күрүч менен тазалоонун сыры

Организмди тазалоо күрүчтү сиңирип алуу касиетине багытталган. Крахмалдан жана момдон (воск) арылган, жибитилген күрүч организмдеги керексиз заттарды өзүнө сиңирет. Тазаланууга чийки күрүчтү пайдаланган жакшы. Тузсуз диета күрүчтүн таасирин арттырат. Организмди тазалоо учурунда спирттик ичимдик менен тамекиден баш тарткан оң. Аны менен кошо сүрсүгөн майлуу тамактарга да чектөө коюу керек.

Күрүчтү даярдоо ыкмасы

Күрүчтүн тазалоодо күчүн арттыруу үчун крахмал менен момдон арылтуу кажет. Ал үчүн 5 стакан күрүчтү өлчөңүз. Себеби күрүчтүн даярдалышына 5 күн кетет. Болгону алтынчы күнү гана организмди тазалоону баштай аласыз.

Биринчи күн

№1 стаканга 2-3 аш кашык күрүч салып, үстүнө муздак суу куябыз.

Экинчи күн

№1 стакандагы күрүчтү жакшы жууп, муздак суу куюп, бетин жаап коёбуз. №2 стаканга 2-3 аш кашык күрүч салып, үстүнө суу куябыз.

Үчүнчү күн

№1 жана №2 стакандагы күрүчтү жууп, үстүнө таза суу куябыз. №3 стаканга күрүч салып, суу куябыз.

Төртүнчү күн

№1-3 стакандагы күрүчтү жууп, суусун алмаштырабыз. №4 стаканга күрүч салып, суу куябыз.

Бешинчи күн

№1-4 стакандардагы тартипти кайталайбыз. Ошол сыяктуу №5 стаканды даярдайбыз.

Алтынчы күн

№1 стакандагы күрүчтү туз, кант, май – эч нерсе кошпой даярдайбыз. Ал эми бошогон стаканга 2-3 аш кашык күрүч салып, оозун жаап коёбуз. Эгер гастрит, ашказандын жарасы сыяктуу оорулар менен оорубай турган болсоңуз, күрүчтү бышырбай жеш керек. Күрүчке кайнаган суу куюп, 15-20 мүнөт капкагын жаап кармаңых. Бул учурда күрүчтүн тазалоо касиети жогору болот. Бышпаган күрүч организмди туздар, холестерин менен токсиндерден гана тазалап койбостон, ошону менен катар ичтеги паразиттерди да кетирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!