Ракты эмдөөчү дары аныкталды

12-Дек. 2017, Шейшемби, 10:37

Канадалык окумуштуулар метформин препараты сүт безинин зыяндуу шишигин алдын алууга да жардам берерин аныкташты. Бул тууралу “lenta.ru” сайты малымдайт.

Изилдөөнүн натыйжасы “PLoS ONE” журналына жарыяланды.

Адистер “MCF7” рак клеткаларына метформиндин кандай таасир берерине байкоо жүргүзүшкөн. Натыйжасында ал клеткалардын пролиферациясына тоскоолдук жараткан.

Алардын болжому боюнча, метформинди зыяндуу шишикти алдын алуучу дарылоо ыкмасы катары кароого болот.

Окумуштуулар препаратты колдонгондон кийин терапиялык таасирине баа берүүнү пландап жатышат.

Байтаптарга метформинди 2чи деңгээлдеги кант диабети менен ооругандарга сунушташат.

Белгилей кетсек, буга чейин америкалык окумуштуулар метформинди картаюну жайлатуучу препарат экенин аныкташкан эле. Ал адам организминдеги кычкылтектин санын көбөйтөт. Ошондой эле, Кардифф университетинин адистери кант диабети менен ооруган адамдар арасында метформинди колдонгондордун жашоо узактыгы сегиз жылга узара турганын аныктаган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!