Сасык тумоодон арылуунун табигый жолу

16-Дек. 2017, Ишемби, 14:53

Дарылык касиети жагынан дарыканаларда сатылган дарылардан кем калбаган табигый азыктар көп.

Алардын бири имбирь, лимон жана балдан жасалган рецепт кирет. Бул кошулмалардын ар биринин курамында микроэлементтер, минералдар жана витаминдер бар. Мындай табигый дары иммунитетти коргоочу күчтөрдү ишке кошуп, вирус менен күрөшөт. Ал сасык тумоо болуудан сактайт жана организди керектүү витаминдер менен камсыз кылат.

Иммундук системаны бекемдөөчү рецепке 3-4 орточо лимон, 200 гр тазартылган имбирь тамыры жана 200 гр суюк бал алыңыз.

Лимонду кабыгы менен бирге жана имбирьди бирдей өлчөмдө алып, майдалап тураңыз. Аны кайра блендерден өткөрү, ботко болгончо эзиңиз. Андан кийин бал куюп, баардыгын жакшылап аралаштыруу кажет.

Аны иммунитети көтөрүү үчүн күз-кыш мезгилинде күнүнө 3 жолудан кабыл алып туруу зарыл. Бул аралашманы сасык тумоо менен ооруган кезде жеп туруңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!