Селфиге түшүү оору экени аныкталды

20-Дек. 2017, Шаршемби, 14:48

Дарыгерлер өзүн-өзү тартып селфиге түшө берүү жана интернетте селфи сүрөттөрүн бат-баттан жарыялай берүү психикалык оорунун белгилери деп аташты. Окумуштуулар аталаган изилдөөнү “International Journal of Mental Health and Addiction” журналына жарыялашты деп кабарлайт “РИА Новости” маалымат сайты.

Окумуштуулар селфиге түшкөндү жакшы көргөндөргө катыштуу тест даярдашкан. Тажрыйбада катышуучуларды 1ден 5ке чейинки баа менен баалашкан. Изилдөөгө 27 жашка чейинки 400 адам катышкан.

Жургүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында психологдор мындай чечимге келишкен: күнүнө үч ирет сүрөткө түшкөн, бирок аларды интернетке жарыялабаган адамга адистер “селфитис” деп аталган психикалык ооруга чалдыкты деген диагноз коюуга болот деп эсептешет.

Бул дарт күчөп кеткенде адам сүрөттөрүн желеге салгысы келип эле турат.

Оору өнөкөт болуп кеткенге чейин адам күнүнө кем дегенде алты селфи жарыялайт.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, “Селфитис” дарты менен ооругандар адатта өзүнө ишенимсиз адамдар, алар ушундай жол менен өздөрүнө көңүл бурдургусу келишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!