Инфографика: Инсульт эмнеден улам пайда болот?

10-Янв. 2018, Шаршемби, 11:24

Инсульт – мээдеги кан тамырлардын бирөөсүнүн жарылып кеткендигинен же болбосо бүтөлүп калуусунан пайда болгон мээдеги кан айлануунун бузулуусу. Эки учурда тең оорунун симптомдору өтө окшош, бирок алардын өнүгүү механизмдери ар түрдүү.

Ооруга эң сезимтал келгендер:

  • Улгайган жаштагы адамдар (50 жаштан кийин инсультка кабылгандар 3-4 пайыз, ал эми жаштарда – жүздөн бир адамга диагноз коюлат).
  • Гипертоника.
  • Эркектер (алар бул оору менен аялдарга караганда үч эсе көп оорушат).
  • Атеросклероз диагнозу менен ооруган адамдар.
  • Чылым чеккендер
  • Мурда инсультка кабылгандар

Анын кесепетинен мээнин бир бөлүгү иштебей, кийин арты өлүмгө алып барат. Бирок бул бир секундда болбойт, ал белгилүү бир убакыт ичинде пайда болот, дарыгерлер аны «терапевтик терезе» деп аташат. Бул инсульт кармаган саатан баштап, 3-6 сааттын кыска интервалы. Эгер ушул убакта дарыгер калыптуу кан агымын ордуна келтирсе кооптуу жагдайдан чыгууга болот. Ошондуктан инсультту убагында тануу өтө манилүү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!