Организмди тазалоо: тамеки уусу (никотин)

11-Янв. 2018, Бейшемби, 09:42

Темеки чегүү адам ден соолугуна өтө зыян экенин баардыгыбыз билебиз. Бул жаман адатты канчалык тез таштасаңыз, ошончолук ден соолугуңузду жакшырта аласыз. Ушул жөнөкөй кеңешти пайдалануу аркылуу организмди никотинден, тагыраак айтканда тамеки уусунан 2-3 күн ичинде тазартып алууга болот.

Бактылуу келечекке дени сак организм менен кадам жасоо үчүн, дасторконго кандай тамак-аштарды койгон туура?

Апельсин — никотинге каршы өтө күчтүү жемиш. Цитрустар өсүмдүктөрүнө кирген жемиш организмди С витамини менен байытып жана никотиндин жоктуганын пайда болгон стресстен арылтат.

Лимон — темекиден баш тартканда пайда болчу ачуу менен күрөшүүчү жакшы каражаттардын бири. Темеки чеккенден кийин үч күн ичинде организимиңизге никотин сиңип жетишет. Иммунитетиңизди алсыратып, теринин өңүн кетирет. Мурунку абалга кайтып келүү үчүн С витамини менен лимон кычкылы жардам берет. Чайга лимон салып ичип, лимонад жасап, тамакка да лимон кошсоңуз болот.

Сабиз. Органихмге А витамини менен толуктоо убакытысы келди. Тамеки чеккен адам ар бир талын тутанткан сайын А витамини азайа берет. Организмдеги А жана С витамининин деңгээли төмөндөгөн сайын, адамдын нерви жукарып, кан айлануу истемасы бузулуп, мээ курулушу калыптан чыгат. Анын курамында иммундук системаны күчтөнтүп, жигердүүлүк берген бета-каротин көп.

Анар. Баардыгыбыз билгендей, тамеки чегүү жүрөктүн иштөөчүн начарлатып, кычкылтек жетишсиздигине алып келет. Кан тамыр системасын иретке келтирип, кан айланууну жакшыртууга анардын пайдасы мол. Ал кальций, калий, магний, натрий, марганец сыяктуу макро жана микроэлементтердин кайнар булагы.

Тамекини коё албаймын деген сөздү ойго албай, бир күндө таштап дени сак жашоого умтулуңуз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!