Алгачкы медициналык жардам

Алгачкы медициналык жардам
15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 16:22

Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү принциптери төмөнкүлөрдөн куралат:

1) окуя ордун карап чыгуу;
2) жардам көрсөтүү;
3) тез жардам чакыруу;

Окуя ордун карап чыгуу

Сиз үчүн кооптуу эмеспи? Эмне болду? Зыян чеккендер канча? Кокус бир нерсе болуп кетсе айланаңыздагылардын сизге жардам көрсөтүүчү жагдайы барбы? Карап жатып ар бир нерсеге көңүл буруңуз. Бул окуянын же болбосо жаракаттын баштапкы себептерин аныктоого жардам берет. Эгер зыян чеккен адам эсинен танып жаткан болсо жана күбөлөр болбосо, дыкат карап чыгуу өтө маанилүү болуп саналат.
Биринчи жолу карап чыгып, жабыркаган адамга алгачкы жардам көрсөтүүдө биринчи кезекте, өмүргө маанилүү органдарга кооп туудурганын аныктап алуу керек:
1) эсин текшерүү (мээ системасы);

2) дем алуу органын текшерүү;

3) дем алып жатканын текшерүү (өпкө);

4) пульсун текшерүү (жүрөктүн согушун).


Эсин текшерүү – Жабыр тарткан адам эсин жоготпогонун аныктаңыз.

- Эгер ал сүйлөгөндө алик албаса, ийинин жулкулдатуу сыяктуу сырткы кыймыл-аракетти сезбесе, аны жардам көрсөтүүгө макул болду деп түшүнүүгө болот.
Сиздин кийинки аракетиңиз:
Дем алуусун текшерип тез жардам чакыруу

Тез жардамды төмөнкү учурларда чакыруу керек:

- эсинен таанса;

-дем алуусу кыйындаса;

- пульс сезилбесе;

- көп кан кетсе;

- курсак туш катуу ооруса;

-кан кусуп же кандын бөлүнүп (зара, какырык менен) чыгышы;

- ууланса;

-тарамыш тартылып же түшүнүксүз сүйлөгөндө;

- баштын моюнунун же арка тараптын жаракаты, сөөктүн сынуу мүмкүндүгү болгон учурда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!